Эстафета Победы прибыла в Кыргызскую Республику

На границе с Таджикистаном задержан контрабандный груз
02.05.2020
Единство интересов во благо страны!
03.05.2020

Отдел по связям с общественностью и СМИ Государственной пограничной службы Кыргызской Республики сообщает, что 2 мая 2020 г. Кыргызская Республика приняла Эстафету Победы.

Международная акция, посвященная 75-летию Победы в Великой Отечественной войне, стартовала 5 февраля сразу по двум направлениям — в городах Бресте (Республика Беларусь) и Мурманске (Российская Федерация) и проходит вдоль внешних границ государств — участников СНГ.

Каждый день символ Эстафеты встречают в новом городе. Участники пробега посетят  памятные места в 10-ти странах. Торжественная церемония приема кыргызскими пограничниками символа Эстафеты Победы, который кыргызстанцам передали пограничники Казахстана, состоялась сегодня, 2 мая, на контрольно-пропускном пункте «Ак-Тилек-автодорожный» на кыргызско-казахском участке государственной границы.

В Бишкеке на площади Победы у Вечного огня сегодня состоялась церемония встречи Эстафеты Победы. Принимая символ Эстафеты, председатель Государственной пограничной службы Уларбек Шаршеев отметил, что Эстафета Победы, проходя тысячи километров вдоль внешних границ СНГ, объединяет усилия часовых внешних рубежей в обеспечении пограничной безопасности Содружества.

«Эстафета является символическим напоминанием поколениям о мужестве и героизме воинов, которые ценой своей жизни отстояли свободу и независимость Отечества. Это память о наших отцах, дедах и матерях, которые совсем юными уходили на фронт защищать Родину, самоотверженно трудились в тылу, обеспечивая фронт всем необходимым, и выстояли Великую Отечественную, отдав самое ценное  войне – свои жизни и судьбы.

Эстафета Победы – это напоминание пограничникам всех стран, о том, что боевое братство и дружба были и остаются основной гарантией достижения наших общих побед», — отметил Уларбек Шаршеев.

Подвиг поколения победителей — пример для подражания для кыргызстанских часовых границы. Поэтому пограничным заставам присвоены имена солдат Великой Отечественной — Кутана Торгоева, Осмона Лайлиева, Жаманкула Дженчураева, Мансуза Ванахуна, Анварбека Чортекова. Подвиги этих героев войны вдохновляют молодое поколение пограничников, формирует у них чувство гордости службой на границе и уважительное отношение к старшему поколению.

На территории Кыргызстана Эстафета Победы пройдет со 2 по 7 мая в городах Бишкеке и Оше.

В г.Оше  в расположении управления ГПС КР по Ошской области состоится торжественный митинг, посвященной встрече Эстафеты Победы. Во всех подразделениях ГПС КР по всему периметру госграницы состоятся тематические вечера «Мы помним, мы гордимся!».

7 мая на КПП «Бордобо-автодорожный» пограничники Кыргызстана передадут символ Эстафеты Победы пограничникам Таджикистана.

К сожалению, памятные мероприятия пройдут без привлечения общественности в связи с действующими мерами по недопущению распространения коронавирусной инфекции.

Однако это не помешает цели акции — сохранению памяти о героической борьбе наших народов против фашизма в годы Великой Отечественной войны, укреплению единства и исторически сложившейся дружбы народов Содружества Независимых Государств.

Для пограничников проведение Эстафеты Победы – уже традиция, берущая свое начало с 1936 года (до ВОВ была больше спортивным мероприятием). Сегодня Эстафета Победы — это дань памяти тем пограничникам, которые первыми встретили врага в июне 1941 года.

Масштабная военно-патриотическая акция «Эстафета Победы» финиширует 28 мая в Москве у мемориального комплекса «Могила Неизвестного Солдата».

 

ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү 2020-жылдын 2-майында Кыргыз Республикасы Жеңиш Эстафетасын кабыл алгандыгын маалымдайт.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган эл аралык акция Брест (Беларусь Республикасы) жана Мурманск (Россия Федерациясы) шаарларынан        5-февралда эки багыт боюнча старт алган жана ал КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларын бойлоп өтүүдө.

Ар күн сайын Эстафетанын символун улам  бир жаңы шаарда тосуп алышууда. Эстафета символун алып жүрүүчүлөр 10 өлкөнүн эстелик жайларын кыдырып чыгышат. Жеңиш Эстафетасын, бүгүн 2-майда, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл өткөрүү жайынан кыргыз чек арачылары Казакстандын чек арачыларынан салтанаттуу түрдө кабыл алышты.

Бүгүн Бишкекте Жеңиш аянтындагы Өчпөс оттун жанында Жеңиш Эстафетасын тосуп алуу салтанаты өттү. Эстафетанын символун кабыл алып жатып Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Жеңиш Эстафетасы КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларын бойлой миңдеген чакырымдарын өтүп жатып Шериктештиктин чек ара коопсуздугун камсыздаган тышкы чек аранын сакчыларынын күч аракетин биримдиктүү кылууга өбөлгө болуп келүүдө деп белгиледи.

“Эстафета — Ата-Журтубуздун эркиндигин жана көз карандысыздыгын өз өмүрлөрүнүн баасын менен коргоп калган жоокерлердин эрдиги жана каармандыгы жөнүндө кийинки муундарга эске сала турчу символ. Али жапжаш чагында Мекен коргогонго согушка аттанышкан, тылда жан үрөп эмгектенип фронттогуларды керектүү нерселер менен камсыз кылган жана өз өмүрүн, тагдырын курмандыкка чалып Улуу Ата мекендик согушта туруштук берген   биздин аталардан, чоң аталардан жана чоң апалардан калган эс тутум.

Жеңиш Эстафетасы — бул күжүрмөн боордоштук  жана  достук биздин жалпы жеңишке жетишүүнүн кепилдигинин негизи болуп келгенин жана мындан ары кала берээрин  бардык өлкөлөрдүн чек арачыларына эскертип турат”, — деп белгиледи Уларбек Шаршеев.

Жеңүүчүлөр муунунун эрдиги – кыргызстандык чек ара сакчыларына үлгү болуп келет. Ошондуктан чек ара заставаларына Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлери —  Кутан Торгоев, Осмон Лайлиев, Жаманкул Дженчураев, Мансуз Ванахун, Анварбек Чортековдун ысымдары ыйгарылган.

Бул баатырлардын эрдиги чек арачылардын жаш муунун шыктандырып, аларда чек арада кызмат өтөгөндөрүнө сыймыктануу сезими калыптанышына жана улуу муунду урматтого тарбиялайт.

Кыргызстандын аймагында Жеңиш Эстафетасы майдын 2нен 7не чейин Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.

Ош шаарында  КР МЧКнын Ош облусу боюнча башкармалыгында Жеңиш Эстафетасын тосууга арналган салтанаттуу митинг өтөт. Мамлекеттик чек аранын бардык периметриндеги КР МЧКнын бүт тарамдарында  “Биздин эсибизде, биз сыймыктанабыз” аталышта тематикалык кечелер өтөт.

7-майда “Бордобо-автожол” көзөмөл өткөрүү жайында Жеңиш Эстафетасын  Кыргызстандын чек арачылары  Тажикстандын чек арачыларына өткөрүп беришет.

Тилекке каршы, коронавирус инфекциясынын таралышына жол бербөө чаралары көрүлүп жаткандыгына байланыштуу  эскерүү иш-чараларына коомчулукту кеңири тартуу  мүмкүн  болбоду.

Бирок бул көрүнүш акциянын максатына —  Улуу Ата Мекендик согуштагы фашизмге каршы элдин  баатырдык күрөшү жөнүндө эс тутумду сактоого, КМШ өлкөлөрүнүн элинин биримдигин жана достугун бекемдөөгө тоскоолдук болгон жок.

Жеңиш Эстафетасын өткөрүү чек арачылар үчүн салт болуп калган, анын башаты 1936-жылдан бери келе жатат (Улуу Ата Мекендик согушка чейин бул споттук иш-чара катары өткөн). Бүгүнкү күндө болсо Жеңиш Эстафетасы – бул 1941-жылы июнь айында биринчилерден болуп душманды тоскон чек арачыларга таазим кылуу  болуп саналат.

Масштабдуу аскердик-патриоттук Жеңиш Эстафетасы акциясы 28-майда Москва шаарында “Белгисиз жоокердин күмбөзү” мемориалдык комплексинин  жанында соңуна чыгат.

Комментарии закрыты.