Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары чек арадан мыйзамсыз аткезчилик жүктөрдү алып өтүү аракетине бөгөт коюшту

Пограничники Айдаркенского пограничного отряда пресекли незаконный провоз контрабандного груза
20.11.2021
Пограничники управления ПС ГКНБ КР по Баткенской области пресекли незаконный провоз грузов через границу
23.11.2021

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү 2021-жылдын 20-ноябры аткезчилике каршы күрөшүү иш-чараларын негизинде Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан чек арадан мыйзамсыз аткезчилик жүктөрдү алып өтүү аракетине бөгөт коюшкандыгын маалымдайт.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Маргун-Арка автоунаа жолунда кызмат өтөө учурунда Кыргызстандын 1991-жылы туулган Р.С., аттуу жарандын башкаруусунда Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү автоунаасын токтотууга аракет кылышкан. Бирок айдоочу чек ара кезметинин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей чоң ылдамдыкта аскер кызматкерлеринин жанынан айдап өтүп кеткен.

Ал эми чек ара кезмети асманга эскертүү иретинде ок чыгарып аргасыздан автоунааны токтотуу максатында дөңгөлөгүн көздөй ок чыгарган.

Транспорт каражатын текшерүү учурунда 1000 кг ашуун конфеттер аныкталып, айдоочуда жүккө тиешелүү документтер болгон эмес. Айдоочу бул жүктөрдү Кыргызстандан Тажикстанга алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң кармалган айдоочу жана жүк мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетентүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Отдел по связям с общественностью и СМИ Пограничной службы ГКНБ КР сообщает, что 20 ноября 2021 года в рамках мероприятий по противодействию контрабандной деятельности пограничники Лейлекского пограничного отряда пресекли незаконный провоз контрабандного груза через границу.

Во время несения службы на автодороге Маргун-Арка Лейлекского района Баткенской области пограничный наряд ПС ГКНБ

КР попытался остановить автомашину Мерседес-Бенц Спринтер под управлением гражданина Кыргызской Республики Р.С., 1991 г.р.

Однако водитель не подчинился законным требованиям пограничного наряда остановиться и проехал на большой скорости рядом с военнослужащими.

Пограничный наряд был вынужден применить оружие – совершить предупредительные выстрелы в воздух и по колесам для остановки автомобиля.

В ходе досмотра транспортного средства был обнаружен груз – более 1000 кг конфет. При этом у водителя отсутствовали документы на груз.

Водитель пытался нелегально вывезти конфеты из Кыргызстана в Таджикистан.

После оформления соответствующих протоколов задержанный водитель и груз были переданы сотрудникам компетентных органов для дальнейшего разбирательства.

Комментарии закрыты.