Кыргыз-тажик чек арасындагы жанжал

Инцидент на границе с Таджикистаном
10.03.2022
Итоги переговоров пограничных представителей Кыргызстана и Таджикистана
10.03.2022

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 10-марты кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алгандыгын маалымдайт.

Болжол менен саат 10.50 чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Тескей жерлигиндеги чек аранын такталбаган аймагында Тажикстандын чек ара кезмети мурда колдонулуп келген жүрүү багытын өзгөртүп, чек араны кайтаруунун жаңы чегине чыгышып  Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын чек кезметин аталган аймактан кетип  калуусун талап кылышкан.

Жерине тажик чек арачыларына кошумча күчтөрү келип, сандык артыкчылыктарынан пайдаланып жаңы чекке кирүүгө аракет кылышкан.

Ошол эле учурда кыргыз чек арачылары тажик аскер кызматкерлеринин ниетин ишке ашырууга жол беришкен эмес. Натыйжасында ок атышуу орун алып ал

10 минутага созулган. Ок атышуунун жыйынтыгында кыргыз тараптан жарадар жана  жаракат алгандар болгон жок.

Дароо эле эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп, сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен чыр-чатак орун алган жерден чек ара кезметтерин эки тараптын чек ара өкүлдөрү келгиче алып кетүүнү жана кошумча күч жана каражаттарды алып келбөөнү макулдашышты.

Саат 11.45 карата Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат.

КР УКМКнын Чек ара кызматы Тескей жерлиги мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагына киреерин жана Кыргызстандын жарандары пайдаланып жаткандыгын белгилейт.

Баткен облусундагы чек ара кайтаруу тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү.

Комментарии закрыты.