Управление информации и коммуникации Пограничной службы ГКНБ КР сообщает, что 14 июня 2022 г. на кыргызско-таджикском участке государственной границы произошла перестрелка между пограничными нарядами Кыргызской Республики и Республики Таджикистан.
Примерно в 6:50 -7:00 в местности Булак-Башы Баткенского района Баткенской области со стороны пограничного поста «Кех» ПВ ГКНБ Республики Таджикистан был произведен выстрел в сторону пограничного поста «Булак-Башы» ПС ГКНБ КР. В ответ с кыргызской стороны был также произведен ответный выстрел в сторону таджикского поста.
Пограничники двух сторон сразу же заняли боевые позиции. Пограничный представитель Кыргызской Республики по Баткенской области и пограничный представитель Республики Таджикистан по Согдийской области провели телефонные переговоры. На место инцидента выехали начальники пограничных отрядов сторон.
Однако в 7:50 таджикская сторона вновь начала перестрелку с применением гранатометов и минометов.
В 8:10 перестрелка прекратилась.
В данное время проводится встреча пограничных представителей сторон для выяснения причин перестрелки и недопущения эскалации ситуации.
По состоянию на 8:40 14 июня 2022 г. обстановка на кыргызско-таджикском участке Государственной границы характеризуется как напряженная.
Пограничная служба ГКНБ Кыргызской Республики принимает все необходимые меры для стабилизации обстановки.
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
КР УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 14-июнунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде Кыргыз Республикасынын жана Тажик Республикасынын чек ара кезметтеринин ортосунда атышуу орун алгандыгын маалымдайт.
Болжол менен 6:50-7:00 дө Баткен облусунун Баткен районунун Булак –Башы жергесинде Тажик Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын “Кех” чек ара посту тарабынан КР УКМК Чек ара кызматынын “Булак-Башы” чек ара постун көздөй ок атылган. Буга жооп катары кыргыз тараптан да тажиктердин чек ара посту тарапка ок атылган.
Эки тараптын чек арачылары дароо согуштук позицияны ээлешкен. Кыргыз Республикасынын Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү жана Тажик Республикасынын Согдий облусу боюнча чек ара өкүлү телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Окуя болгон жерге эки тараптын чек ара отряддарынын башчылары чыгышкан.
Буга карабастан 7:50дө тажик тарап гранатомет жана минометторду колдонуу менен кайрадан атышууну баштаган. 8:10до атышуу токтогон.
Учурда атышуунун себептерин тактоо жана абалдын курчушуна жол бербөө үчүн эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө.
2022-жылдын 14-июнунда саат 8:40 ка карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал курч деп мүнөздөлүүдө.
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы абалды турукташтыруу үчүн бардык чараларды көрүүдө.