ТАРЫХ


 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы уюштуруу жана түзүлүүнүн төмөкүдөй баскычтарын басып өттү:

1-чи баскыч (1999–2002-жж.) – Чек ара кызматы Коргоо министирлигинин Чек ара коргоо башкы башкармалыгы жана Улуттук коопсуздук кызматынын Чек араны көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын негизинде түзүлгөн.

2-чи баскыч (2002–2005-жж.) – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 31-августунда чыккан Жарлыгынын негизинде эки чек ара түзүлүшүнөн бирдиктүү, көп тармактуу, борборлоштурулган тутумдан турган жана мамлекеттик чек араны коргоп жана кайтарган Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы болуп уюшулган.

3-чү баскыч (2005–2006-жж.) – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 23-майындагы №183 Жарлыгына ылайык Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлиги болуп кайра түзүлгөн.

4-чү баскыч (2006–2007-жж.) – 2006-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын башкаруу жаатында мамлекеттик башкарууну жакшыртуу жөнүндө” №270 Жарлыгы менен Чек ара аскерлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын курамынан чыгып, өз алдынча аткаруу бийлигинин органы катары Чек ара кызматы болуп кайра түзүлгөн.

5-чи баскыч (2007–2010-жж.) – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 16-июлундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндөгү” №41 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсудук мамлекеттик кызматынын Чек ара аскерлиги болуп түзүлгөн.

6-чы баскыч (2010–2012-жж.) – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө” №161 Жарлыгы менен Чек ара аскерлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамынан чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы болуп түзүлгөн.

Биринчи баскычта Россия Федерациясынын ФКК Чек ара кызматы кайтарган кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесин өз колго алып кайтаруу жана Кыргызстандын түштүгүндө чек ара кайтаруу боюнча иш-чараларды уюштуруу маселелери чечилген

2001-жылдан баштап Чек ара кайтаруу башкы башкармалыгына Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттик чек ара тилкелеринде чек ара көзөмөлдөө иштерин уюштуруу милдети жүктөлгөн. Ошол убакта чек араны эл аралык-укуктук тариздөө, чектеш жана алыскы өлкөлөр менен чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү менен катар чек арада санжап иш-чараларын өткөрүү уюштурулган.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын тарыхында 1999 – 2001-жж. Баткен окуялары өзгөчө маанилүү орунга ээ.

1999-жылдын 17-июлунан баштап Россия Федерациясынан мамлекеттик чек араны өз алдынча кайтарууга өткөрүп алып жатып, өлкөбүздүн түштүгүндө эл аралык террористерди жоюу боюнча күжүрмөн операцияларга катышкан кыргыз чек арачылары эрдик, баатырдык, кайраттуулук үлгүлөрүн көрсөтүштү. Баткен окуяларында күжүрмөн эрдик жараткан 18 чек арачы орден жана башка мамлекеттик сыйлыктарга татышты.

Биринчи баскычтын эң негизги жыйынтыгы болуп алгачкы кезекте кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасын кайтарууну камсыздап Кыргызыстан жана ага коңшу союздук мамлекеттер эгемендик алгандан тартып коргоосуз калган түштүк чөлкөм чек ара тилкелеринин стратегиялык багыттарын калкалоого жетишкендик эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын түптөлүшүнүн баскычтарында мекеменин натыйжалуу иштешин, мамлекеттик чек аранын бек кайтарылышын жана корголушун камсыздоо чаралары көрүлүп, жаңы кошуундар менен чек арадан өткөрүү жайлары уюштурулган.

2006-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын демилгеси менен чек ара кошуундарына, тозотторуна мамлекеттик башкаруу органдары, министрликтер менен мекемелери, мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги тарабынан жардам көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №34 токтому кабыл алыган.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жамааттык чек ара коопсуздугунун тутумунун алкагында чек ара маселелери жаатында эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча КМШга мүчө өлкөлөрүнүн чек ара аскерлигинин кол башчыларынын Кеңеши, Шанхай кызматташтык уюму, ЕРАЗЭСтин “БОМКА/КАДАП”, АКШнын “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программалары менен, ошондой эле алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр менен эки тараптуу иш-чараларды жүргүзүп келет.

Жалпы маданий иш-чаралар, маданий-эс алуу жана чек арачылардын тиричилик шартын өнүктүрүү жана жакшыртуу максатында атайын КР МЧКнын ыр-бий ансамбли түзүлгөн.

Кызмат жөнүндө кеңири маалыматтык чагылдыруу иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн мекемелик “Чегарада”-“На границе” гезити уюштурулган.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын негизги милдеттери төмөнкүлөр:

– мамлекеттик чек араны, аймактык бүтүндүктү жана экономикалык кызыкчылыктарды коргоо жана кайтаруу;

– өткөрүү жайларында чек ара көзөмөлүн жүргүзүү;

– Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө мыйзамдын аткарылышын камсыздоо, мамлекеттик чек ара санжабы маселелери боюнча эл аралык макулдашуу жана келишимдерден келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу;

– Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарында аскердик коопсуздук жана коргоо маселелерин чечүүгө катышуу;

– мамлекеттик чек арадан террористердин өтүп кетүү аракетинин, ошондой эле мыйзамсыз түрдө мамлекеттик чек ара аркылуу жардыруучу, баңги, радиоактивдүү, химиялык, бактериялык заттарды, курал-жарактарды жана башка террористик мүнөздөгү кылмыштарды жасоо мүмкүндүгүнүн аныктоо, алдын алуу жана болтурбоо;

– өз алдынча же Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы күрөшүү боюнча башка органдары менен бирдикте чек ара тилкесинде же чек ара ооданында террористерди же террористтик топторду аныктап, кармоо жана жок кылуу;

– Кыргыз Республикасынын чек ара тилкесинде жана чек ара ооданында укук коргоо жана жаратылышты коргоо органдарына жарандардын укугун, жаратылыш байлыктарын, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча көмөк көрсөтүү.

Советтер Союзу кулагандан кийин анын тышкы чек араларын, атап айтканда кыргыз-кытай чек арасын коргоону Россия Федерациясынын чек ара аскерлери уюштурат.

1998-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда кыргыз-кытай чек арасы жана Россия-Кыргызстан чек ара кызматташтыгынын келечек-тагдыры жөнүндө макулдашуу пакеттерине кол коюу аземи болуп өтөт.

Анда Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрү арасында Россия Федерациясынын Федеративдик чек ара кызматы кайтарып жаткан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара тилкелерин кайтарууга өткөрүп берүү жөнүндө Келишимге кол коюлат.

Экинчи кол коюлган документ Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы чек ара маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө болот.

Бул документтин мааниси Россия жана Кыргызстан өз ара жактыруу кызыкчылыктарын эске алуу менен келишимдик жана өзүлөрүнүн улуттук мыйзамдары негизинде чек ара чөйрөсүндө кызматташууну уюштурууну милдеттенишкен.

1999-жылдын 28-майында мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана кол тийгистигин камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин №131 “Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө” Жарлыгы чыгат жана ушул Жарлыктын негизинде Кыргызстандын улуттук Чек ара кызматы төмөнкү курамда түзүлөт:

-         Коргоо министрлиги курамындагы Чек ара кайтаруу башкы

башкармалыгы;

-         Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук министирлиги

курамындагы чек ара көзөмөлдөө башкы башкармалыгы.

1999-жылдын август айынан Россия Федерациясынын Федеративдик чек ара кызматы кайтарып жаткан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара тилкелерин кайтарууга өткөрүп берүү жөнүндө Келишимдин негизинде, Кытай эл Республикасы менен болгон мамлекеттик чек ара Кыргыстандын чек ара түзүмдөрүнө өткөрүлүп берилет.

Ошентип, 1999-жылы Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан 8 жылдан соң, биринчи жолу кыргыз чек арачылары өз алдынча өлкөбүздүн чегин коргой баштайт. Ошол эле жылы биринчи 35 чек арачы офицер Кыргыз Республикасындагы Россиянын Федеративдик чек ара кызматынын ыкчам тобунун офицерлерди даярдоо курсунда,  чек ара кайтарууну уюштуруу багыты боюнча 5 айлык дардыкты өтүшүп,  Бишкектеги аскердик-техникалык учкучтар окуу жайында окууну бүтүрүшөт.

30-июлунда Ош областынын Баткен районунун Зардалы айылы багытында “Өзбекстан исламдык кыймылынын” мыйзамсыз куралчан террордук топтору Кыргызстандын аймагына басып кирүүгө аракеттенишкен.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин бөлүкчөлөрү террордук топторду жок кылуу операцияларын баштайт.

Ошол күндөрү чек арачылардын бөлүгү да кыргыз-кытай малекеттик чек ара тилкесинен согуш майданына жөнөтүлөт.

Мурунку советтик республикалар менен болгон тунук чек ара, бирдиктүү борборлоштурулган чек ара коопсуздугун камсыздаган тутумдун бузулуусу, шериктештик өлкөлөрдүн сырткы чек ара тилкелеринде кылмыштуулуктун күчөөсүнө алып келет.

Ал эми гана өзүнүн бийлик институттарын, чек ара кайтаруусун түзүүгө киришкен жаш мамлекеттин жетекчилигинин тынчын албай койгон жок.

1999-2000-ж.ж. окуялар Кыргызстандын чек ара кызматын уюштурууда кошумча өзгөрүүлөрдү, толуктоолорду киргизди, ошондой эле Казахстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен жаңы чек ара кайтаруу тутум куруусуна киришүүгө мажбурлады. 1999-жылдын октябрь-ноябрь айларында Баткен (1999-жылы 6-октябрь), Лейлек (1999-жылы 10-октябрь), Айдаркен (1999-жылы 8-ноябрь) чек ара отряддары түзүлөт.

Көрсөтүлгөн аскер бөлүктөрүн, бүтүндөй эле Мамлекеттик чек ара кызматын түзүү Мамлекет үчүн оор убакытка туура келет (Баткен окуялары кезинде). Анда кыйынчылыктарга, аскер кызматынын оордуктарына карабастан, чек арачылар өз милдеттерин татыктуу, туруктуу жана патриот сезим менен аткарышты.

Баткен окуясында көрсөткөн эрдиктери жана баатырдыктары үчүн 18 кыргыз чек арачысы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик орден жана медалдары менен сыйланат.

2001-жылдан баштап Өзбекстан жана Таджикстан менен жаңы ачылган чек арадан өткөрүү жайларында чек ара көзөмөлүн уюштуруу тапшырмасы Коргоо министрлигине караштуу Чек ара кайтаруу башкы башкармалыгына жүктөлөт.

2002-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин №241 “Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө” Жарлыгы менен Коргоо министрлиги курамындагы Чек ара кайтаруу башкы башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук министрлиги курамындагы Чек ара көзөмөлдөө башкы башкармалыгы базасында – (бирдиктүү) Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы түзүлөт. Ошол убакыттарда Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен  Чүй (2003-жылы 2-апрель), Талас (2003-жылы 21-апрель) жана Жалал-Абад (2003-жылы 13-август) чек ара отряддары түзүлөт.

2004-жылы Республиканын Өкмөтү тарабынан “2004-2010-ж.ж. КР чек ара кызматын өркүндөтүү жана мамлекеттик чек араны куруу” Мамлекеттик программасы бекитилет. Жаңы өткөрүү жайларын ачуу, аларды керектүү жабдуулар менен камсыздоо, кадрларды даярдоону активдештирүү иштерин өзүнө камтыган мамлекеттик чек араны тутумдуу бекемдөө Анын максатынын негизин түзөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 23-майындагы №183 “Кыргыз Республикасынын коопсуздугу тармагында мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү чаралары жөнүндө” Жарлыгынын  негизинде,  Мамлекеттик чек ара кызматы КР улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлери болуп кайта өзгөртүлөт.

Башкаруу тутумун өркүндөтүү жана түштүк аймакта мамлекеттик чек арада кырдаалдардын өзгөрүүсүнө ыкчам чара көрүү максатында 2005-жылы Ош шаарында Түштүк аймактык башкармалык түзүлөт. Жаңы Чек ара көзөмөлдөө тутумун түзүү иши башталат.

2005-жылдын 1-мартында “Түштүк” чек ара көзөмөлдөө отряды, 2005-жылдын 3-октябрында “Түндүк” чек ара көзөмөлдөө отряды түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 22-майындагы №270 «Кыргыз Республикасынын Чек ара кайтаруу чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыгы менен Чек ара аскерлери улуттук коопсуздук кызматынын карамагынан чыгып, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы болуп кайта өзгөртүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2009-жылдын 22-октябрында бекитилген №283 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамын бекитүү жөнүндө” Мыйзамга ылайык, Мамлекеттик чек ара кызматы – КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы деп аталышы өзгөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 16-февралындагы №51 Жарлыгынын негизинде, Чек ара кызматынын БА жана БШ жайгашуусу Ош шаарына жылдырылган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 16-июлундагы №41 «КРнын Өкмөтүнө  караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы жөнундө” Жарлыгынын негизинде КРнын Өкмөтүнө  караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы – КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлери деп кайрадан аталган (2010-жылдын декабрынан Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети).

Мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу, сырткы опузаларга каршы аракеттенүү, ошондой эле аткаруу бийлиги тутумунун мамлекеттик органдарынын ишмердүүлүгүн ыңгайлаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаевдин 2012-жылдын 4-сентябрындагы №161 “Кыргыз Республикасынын Мамекеттик чек ара кызматы жөнүндө” Жарлыгы менен Чек ара аскерлери КР МУККнын карамагынан чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына өзгөртүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 18-октябрындагы Жарлыгынын негизинде МЧКнын БА, БШ, өз алдынча кайтаруу жана камсыздоо ротасы жана борбордук байланыш түйүнүнүн орношуу жайы Ош шаарынан Бишкек шаарына которулган.

2015-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын чек ара маселелерин жөнгө салуу, мамлекеттик чек ара чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү, андагы милдеттерди жана ыйгарым укуктарды так чектөө, колдонулуп жаткан чек ара жөнүндөгү мыйзамдардагы карама -каршылыкты жаратып жаткан укуктук ченемдерди жокко чыгаруу максатында “Кыргыз Республикасынын Чек арасы жөнүндө” №98 Мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынат.

Ушул Мыйзам мамлекеттик чек ара саясатынын жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын талаптагыдай кайтаруунун уюштуруучулук жана укуктук негиздерин белгилейт жана бекемдейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

Ошондой эле, бул Мыйзамдын негизинде төмөнкүлөр күчүн жоготот:

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 19-мартындагы № 27 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 7, 367-б.);

- "Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 19-мартындагы № 28 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 7, 368-б.);

- "Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 16-октябрындагы № 140 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 11, 455-б.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 3-январындагы № 2 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 184-б.);

- "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы № 36 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 3, 261-б.);

- "Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-декабрындагы № 249 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 11, 1689-б.);

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-декабрындагы № 250 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 11, 1690-б.).

Ушул мыйзамдын 3-беренеси “Кыргыз Республикасынын чек ара саясаты” негизинде:

1. Кыргыз Республикасы чек ара саясатын эгемендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү жана мамлекеттик чек аралардын бузулгустугун өз ара сыйлоонун эл аралык принциптерине таянуу менен ишке ашырат жана өзүнүн Мамлекеттик чек арасынын өтүшүн Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге жана декларацияларга ылайык тастыктайт.

2. Кыргыз Республикасы чектеш мамлекеттер менен болгон өз ара мамилелеринде эгемендүүлүк, аймактык бүтүндүк жана мамлекеттик чек аралардын бузулгус принциптеринин аткарылышын камсыз кылат. Аймактарды күч колдонуу менен басып алуунун таанылышы жана эл аралык таануу же анын укуктук статусунун өзгөрүүсүн таңуулоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн эместигин бекемдейт. Ар бир конкреттүү учурда эл аралык келишимдердин жана декларациялардын алкагында тиешелүү эл аралык документтер менен бул максаттар үчүн каралган макулдашылган механизмдерди колдонуу аркылуу чек ара талаш-тартыштарын, араздашууларын, чыр-чатактарын тынчтык жол менен жөнгө салууга даяр экендигин тастыктайт.

3. Кыргыз Республикасынын аймагы азыркы чек арада кол тийгис жана бөлүнгүс.

Мамлекеттик чек араны кайтаруу, Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун, эгемендүүлүгүн, кол тийбестигин жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу, улуттук кызыкчылыктарды жана мамлекеттик коопсуздукту ишке ашыруу жана кайтаруу максатында ушул Мыйзам менен аныкталган тартип орнотулат.

4. Мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн мамлекеттик түзүм түзүлөт.

5. Чек ара саясаты чектеш мамлекеттер менен чек ара маселелерин тынч, зомбулуксуз чечүү принциптеринин негизинде өз ара пайдалуу ар тараптуу кызматташуу жолу менен ишке ашырылат.

 

Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын салттарын калыптандыруу жана салттарды жаш муундарга өткөрүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15 декабрындагы №696 Токтому  менен “28-май –Чек арачылар күнү”  аныкталган.

2003-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №303 Токтомунун негизинде 28-май жокко чыгарылып, жаңы дата 29-октябрь күнү аныкталат. Эки жылдан соң, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын ардагерлеринин кайрылуусун эске алып, чек арачылардын калыптанган салтын мындан ары улантуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 26-майындагы № 269-III Токтому негизинде тарыхый 28-май датасын кайра орнотуу чечими кабыл алынган. Бүгүнкү күнгө чейин жыл сайын Кыргызстан чек арачылары өздөрүнүн кесиптик майрамы – Чек арачылар күнүн 28-майда белгилеп келишет.