Эл аралык кызматташуу


Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы  мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу боюнча активдүү иш жүргүзүп келет.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын эл аралык долбоорлор жана Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлөрдүн элчилик өкүлчүлүгү менен кызматташуунун негизи болуп, Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулук менен интеграциясы, ошондой эле эл аралык укуктун эрежелердин  менен нормаларынын талаптарына ылайык, чек ара коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.  

 Эл аралык кызматташуунун негизги көйгөйлүү маселелери эл аралык терроризм,  диний экстремизм,  мыйзамсыз миграция,  баңгизаттарды таратуу жана аны ташып өтүүгө  каршы күрөшүү  болуп саналат. 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын эл аралык кызматташуулар менен болгон артыкчылыктуу багыттары:

 – заманбап талаптарга ылайык чек араны  жабдуу;

 – материалдык-техникалык жабдууларды тартуу;

 – маалымат алмашуу чөйрөсүндө аскердик мамилелерди жөнгө салуу; 

 – аскер кызматкерлеринин кесипкөйлүк  даярдыгы. 

 

КМШ Чек ара аскерлеринин Кол башчылар кеңешинин алкагында

 

Кол башчылар кеңеши Көз карадындысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин тышкы чек арасын жана экономикалык зоналарын кайтаруу маселелерин координациялоо боюнча коллегиалдуу орган болуп саналат. 

Кол башчылар кеңешинин  негизги иши  болуп, 1992-жылдын 6-июлунда “Чек ара аскерлеринин Кол башчылар кеңешин түзүү жөнүндө” Мамлекет башчыларынын колдору коюлган чечимине ылайык,  зарылдыгына жараша, Көз карандысыз  Мамлекеттердин Шериктештигине мүч.ө-мамлекеттердин борборлорунда, ар бир үч айда бир жолудан кем эмес өтүүчү отурумдар эсептелет.  Кол башчылар кеңешинин  кезексиз отурумдары  Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Мамлекет башчыларынын кеңешинин тапшырмасы боюнча, ошондой эле  Кол башчылар кеңешинин бир  же бир нече мүчөлөрүнүн өтүнүчү  менен  бирок, мүчөлөрдүн үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес бөлүгүнүн макулдугу менен чакырылат. 

 

Жааматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюштуруу алкагында

 

  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы менен  Жааматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун ортосундагы   кызматташуу  Кыргызстанда мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу боюнча өз алдынча бирдиктүү ведомство түзүлгөндөн тартып башталган. 

  КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы менен төмөндөгүдөй долбоорлор каралган:

– Чыгыш Европа региондук жааматтык коопсуздугу боюнча Жааматтык коопсуздук келишим уюмуна  мүчө-мамлекеттердин аба чабуулунан бирдиктүү коргонуу тутумун түзүү жөнүндө макулдашуу;

– Кавказ региондук жааматтык коопсуздугу боюнча Жааматтык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин аба чабуулунан коргонуунун  бирдиктүү тутумун түзүү жөнүндө макулдашуу; 

– Борбордук Азия региондук жааматтык коопсуздугу боюнча Жааматтык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин аба чабуулунан коргонуунун бирдиктүү тутумун түзүү жөнүндө макулдашуу; 

– Жааматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун  укуктук  статусу  жөнүндө  Макулдашууга өзгөртүү  менен толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол;  

Бул Протоколдун долбоору, Жааматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) алдында Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн өздөрүнүн функцияларын кыйла жигердүү аткарууга мүмкүндүк берген Ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан артыкчылыктардын жана иммунитеттердин, ишмердиктин башка кепилдиктеринин берилишин карайт, эл аралык укукка жана эл аралык уюмдар алдындагы мамлекеттердин өкүлдөрүнүн ишин камсыздоодо түзүлгөн практикага туура келет. 

 

Чек ара ведомстволору боюнча ШКУ алкагында кызматташтык

 

2011-жылдын 21-сентябрында Пекин шаарында (КЭР) ШКУнун РАТС Кеңешинин отуруму өткөрүлгөн жана 2011-жылдын 21-сентябрында №256  “ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатында, ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын чек ара кызматтарынын кызматташтыгы жөнүндө” Чечими кабыл алынган. 

2011-жылдын  25-декабрынан 28-декабрына чейин Пекин шаарында Чек ара кызматтарынын жетекчилеринин биринчи отуруму болуп өткөн. 

Ушул отурумдун жүрүшүндө чек ара кызматтарынын жетекчилери тарабынан Чек ара чөйрөсүндө кызматташтыктын багыттарын аныктоо үчүн эксперттер тобун түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ШКУнун РАТС кезектеги отурумдарына активдүү катышат. 

2013-жылдын 20-сентябрында Россия Федерациясынын Ярославль шаарында ШКУнун  Аймактык террорчулукка каршы түзүмдөр кеңешинин XXIII отуруму болуп өткөн жана анын жүрүшүндө 2013-жылдын 20-сентябрындагы №329 “Чек ара маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгы жана өз ара аракетешүүсү жөнүндө Макулдашуунун долбоору жөнүндө” ШКУнун РАТС кеңешинин чечими кабыл алынган. 

 

 

Европа Биримдиги менен кызматташуу

 

Европа Биримдиги  менен кызматташуу «BOMCA» – «Борбордук Азияда чек араларды башкарууга көмөктөшүү программасы» (BOMCA) программасынын алкагында ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жана Европа Биримдигинин   кызматташуусу 2003-жылдан тартып жогорудагы программалардын алкагында  башталган. 

  Мамлекеттик чек ара кызматы БОМКА Программасынын тогузунчу фазасын ишке ашыруу алкагында негизги ресурстарды ички ведомстволук, ведомстволор аралык деңгээлдерде өз ара аракеттешүүнү жакшыртуу боюнча тажрыйбалык ишмердикке багыттоо максатка ылайык деп эсептейт.   Мындан аркы кадамдар МЧКБ тутуму аркылуу чек ара коопсуздугу жаатында донорлук жардамдарды эффективдүү мамлекеттик координациялоого  багытталат. Чек ара бөлүкчөлөрүн айрыкча укуктук мамиледе бекитилбеген тилкелерин материалдык-техникалык жактан жабдуу. Чек ара ведомстволорун институциалдык өнүктүрүү, чек араны кайтарууну жаңы укук коргоо ыкмаларына окутуу.

 

Миграция боюнча Эл аралык уюм менен кызматташуу (мындан ары – МЭУ)

 

         Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын түзүүдө Миграция боюнча Эл аралык уюм (МЭУ) тарабынан  көрсөтүлгөн жардам легалдуу эмес миграция менен күрөшүүнү кыйла маанилүү деңгээлге жогорулатат жана өлкөгө кирген жана өлкөдөн чыккан миграциялык агым жөнүндө маалымат менен камсыздайт.  Анын ичинде,  2013-жылы  Миграция боюнча Эл аралык уюму тарабынан «Чек ара  көзөмөл  автоматташтырылган тутуму» долбоорунун аягына чыкты.

 

Бишкектеги ЕККУ менен кызматташуу

 

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюму (ЕККУ) менен кызматташтык 1999-жылдагы Вена документтеринин алкагындагы верификациялык  ишмердикте жүзөгө ашырылат, ошондой эле ЕККУнун  алкагында  өткөрүлүүчү  курстарга  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери катышат. 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жана Бишкектеги ЕККУ борбору менен биргеликте  бир нече жылдардан бери  аймактык масштабдагы долбоорлорду ишке ашырып келет.

2016-жылга чек араларды кайтаруу жана чек ара коопсуздугу жаатында улут аралык  коркунучтарга байланыштуу жалпы маселелерди чечүүгө  Кыргызстанга көмөк көрсөтүү  долбоору пландаштырылган. Долбоор чек ара коопсуздугу жана чек араларды башкаруу боюнча ЕККУ концепциясынын негизги төрт  аспектисин  чечүүгө, ошондой эле КР МЧКны колдоого багытталган чек араларды комплекстүү башкаруу принциптерине багытталган.

 

Россия Федерациясы менен кызматташуу

 

Кыргыз Республикасы жана  Россия Федерациясынын  ортосундагы  кызматташтык  КМШ, Чек ара аскерлеринин Кол башчылар кеңешинин деңгээлинде кол коюлган ар тараптуу негизде макулдашуулардын, келишимдердин  алкагында ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясы менен кызматташуусуна 1992-жылы Кызматташуу достугу жана өз ара көмөктөшүү келишими менен негиз салынган, ага ылайык, 1993-жылы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда аскердик тармагында  кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлган.

Кыргыз Республикасында чек ара ведомствосунун пайда болгон учурунан тартып, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы чек ара маселелери боюнча эки тараптуу мамилелер өз ара түшүнүү жана ишеним көрсөтүү нугунда ийгиликтүү өнүгүүдө.

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын чек ара ведомствосунун өкүлдөрү ортосунда жумушчу жолугушуулар  өткөрүлгөн, анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланган, ошондой эле эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн келечектеги ийгиликтери белгиленген.

 

Америка Кошмо Штаттары менен кызматташуу

 

         Америка Кошмо Штаттары менен кызматташуу «Экспорттук көзөмөл жана чек аралардын коопсуздугу» (EXBS) жана ошондой эле «Эл аралык аскердик билим берүү» (IMET) программаларынын алкагында ишке ашырылат.  

 

Түркия Республикасы менен кызматташтык

 

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы  болуп түзүлгөн күндөн тартып, Түркиянын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен кызматташып келет. Түркия Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн  Генералдык штабынын багытындагы кызматташтык мезгилинде ооруктук камсыздоо  боюнча материалдык-техникалык каражаттар, ал эми техникалык камсыздоо боюнча байланыш каражаттары алынды.   

    Андан тышкары, КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери  Түркия Республикасынын жогорку аскердик окуу жайларында билим алышат. 

 

Кытай Эл Республикасы менен кызматташтык

 

Кытай Эл Республикасы менен кызматташтык  Кыргызстан жана Кытайдын ортосундагы кол коюлган Макулдашуулардын алкагында ишке ашырылат. 

2004-жылдын 22-декабрында кол коюлган  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы  “КРнын Чек ара кызматына кайтарымсыз аскердик жардам көрсөтүү жөнүндө” Макулдашуусунун алкагында 2млн юандык жана   2005-жылдын  14-декабрында 5 млн юан суммасында материалдык-техникалык мүлктөр жана автомобилдик техникалар алынган.

2003-жылдан тартып КРнын  Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери  жыл сайын Кытай  Элдик Боштондук Армиясынын Жогорку аскердик окуу жайында кайтрымсыз негизде билим алышууда, ошондой эле чек ара көзөмөлдөө  боюнча   эки өлкөнүн аймактарында тажрыйба алмашуу  үчүн  машыгуулар өткөрүлөтКытай Элдик Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлиги тарабынан Тараптардын макулдашуусу боюнча эки өлкөнүн  аймактарында чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуулары өткөрүлөт. КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине Кытай Элдик Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин жогорку аскердик окуу жайларында билим алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн, ошондой эле терроризмге, экстремизмге жана улуттар аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча эки өлкөнүн аймактарында семинарлар, тажрыйба алмашуу жана конференциялар өткөрүлүп турат.