Абитуриенттер үчүн


         Жогорку аскердик окуу жайларына тапшыруу боюнча суролоор менен төмөнкү телефон боюнча кайрылыңыздар: 0(312)54-12-90

         Чек ара окуу жайларына тапшырып жаткан абитруиенттер үчүн маалымат

 

Урматтуу  абитуриенттер!

 

         Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, “МИЛДЕТ”,  “НАМЫС”, “МЕКЕН” деген түшүнүктөрдү билип, аларга бейтааныш болбогон абитуриенттерди, 2017/2018 окуу жылында Россия Федерациясынын, Казахстан Республиканын төмөнкү аскердик билим берүү жайларына тапшырууга чакырат:

 

 Окуу жайлардын аталышы

Адистик
(специализации)

Окуу мөөнөтү

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын окуу жайлары

1

Калининград чек ара институту

Радиотехникалык системалар жана кайтаруу мониторинг комплекстери

5 жыл

 

 

 

 

2

 

Курган чек ара институту

 

 

Чек ара органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү

Улуттук коопсуздук органдарынын ыкчам кызматкери

Россиянын Коргоо министрлигинин окуу жайлары

3

 

 

 

Аскер  университети 
(Москва ш.)

 

 

Кызматтык ишмердүүлүктүн психологиясы

5 жыл

 

 

 

 

 

 

 

Экономикалык коопсуздук

Улуттук коопсуздукту укуктук камсыздоосу

Котормо жана котормочулукту алып баруу

Аскердик журналистика

 4

Аскер университетинин (аскердик дирижерлордун) Аскер институту
Москва ш.

Аскер оркестринин дирижеру

 5

Дене тарбия аскер институту
(Санкт-Петербург ш.)

Кызматттык – прикладдык дене-тарбиядаярдыгы боюнча адис

7

Аскердик(инженердик-техникалык)  институту
(Санкт-Петербург ш.)

Өзгөчө имараттарды жана курулуштарды куруу

8

Байланыштын аскердик академиясы
(
Санкт-Петербург ш.)

Радио байланыш системаларын жана комплекстерин эксплуатациалоо

9

Аскердик-медицина академиясы 
(Санкт-Петербург ш.)

Жер аскерлериндеги даарылоо иши

6 жыл

10

Материалдык-техникалык камсыздоо аскердик академиясынын филиалы ( Омск ш.)

Аскерлерди автотехникалык камсыздоосу

 

 

 

 

 

 

5 жыл

 

 

 

 

 

 

 

11

Материалдык-техникалык камсыздоо аскердик академиясынын филиалы (Пенза ш.)

Ракеталык-артиллериялык куралдарды колдонуу

10

Тюмендеги жогорку аскердик-инженердик командалык окуу жайы

Инженердик тарамдарды колдонуу жана инженердик курал каражаттарын эксплуатациялоо

12

 

 

Вольсктогу материалдык камсыздоо аскердик институту

 

Аскерлерди тамак-аш менен камсыздоо

Аскерлерди буюм-тайым менен камсыздоо

Аскерлерди ракеталык оттун жана күйүүчү заттар менен камсыздоо

Казахстан Республикасынын улуттук коопсуздук комитетинин окуу жайлары

13

Чек ара кызматынын академиясы

Чек ара кызматынын кызматтык-күжүрмөн ишмердүүлүгүн башкаруу

4 жыл

 

Окуу орус тилинде, орто билимдин негизинде, жогорку кесиптик билим алуу программалары боюнча болот.

Аскердик билим алуу окуу жайларына тапшырууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары, 2017-жылдын 30-мартына чейин жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттарына тиешелүү документерди тиркеп билдирме жазышат. Ошондуктан, тиешелүү документердин тизмесин тактоо максатында аскер комиссариаттарына эртереек кайрылуу зарыл.

Аскер комиссариаттары талапкерлердин алгачкы тандоосун өткөрүп, 25-майга чейин тандалган талапкерлердин документтерин Мамлекеттик чек ара кызматына жөнөтүшөт. 31-майдан кийин Мамлекеттик чек ара кызматына келген документтер каралбайт.

Мамлекеттик чек ара кызматында, талапкерлердин келип түшкөн документтерин кароосунун негизинде, аларды кесиптик тандоого катышуусу боюнча чечим кабыл алынат.

Чечим протокол менен бекитилип, 20-июнга чейин тиешелүү аскер комиссариаттары аркылуу талапкерлерге тапшыруу экзамендеринин  убактысы жана өткөрүлө турган жери же терс чечимдин себептери жеткирилет.

Тапшыруу экзамендерине, жалпы республикалык тесттердин негизги тести (ОРТ) боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү Министрлиги аныктаган  тиешелүү өткөрүү же андан өйдө  баллын алган талапкерлер өткөрүлөт.