КР Мамлекеттик чек ара кызматы КР Куралдуу күчтөрүнүн системасындагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча деталдаштырылып иштелип чыккан планды аткаруунун экинчи этабын баштады.
Ага ылайык «Манас-аэропорт» менен «Ош-аэропорт» көзөмөл өткөрүү жайларында КРнын биометрикалык паспортун текшерүүчү системаны киргизүү үчүн чек арадагы көзөмөлдөөчү «e-Gate» электрондук кабина киргизилди. Аны менен бирге коррупциялык көрүнүштөрдү жою үчүн көзөмөл өткөрүү жайларындагы аскер кызматкерлерин башка кызматтарга которуу жана өздүк курамдын 100 пайызга чейин алмаштыруу иш-чаралары өткөрүлдү.
Бул маселеге тиешелүү суроолорго ылайык КР МЧК калкка мамлекеттик чек араны өтүүнүн тартиптерин түшүндүрүү боюнча иш-чараларды күчөттү. Жарандардан келген ар бир арыз дыкаттык менен каралып, көп учурларда арыздануучулардын маалыматтары боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Алсак 2018-жылдын 07-январында А.А., атту Кыргызстандын жараны “Маданият-автожол” көзөмөл өткөрүү жайындагы аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери туурасында арыз менен кайрылган. Бул кайрылуу боюнча териштирүү иштери башталды. Андан сырткары жарандардын мурунку даттанууларынын жыйынтыгы менен “Маданият-автожол” көзөмөл өткөрүү жайынын айланасын иретке келтирүү максатында ал жерге атайын тосмолор коюлду.
Мамлекеттик чек ара кызматы жарандага бардык чек ара көзөмөлдөө өткөрүү жайларында КР МКЧнын жетекчилигинин жана ведомствонун ишеним телефондору жазылган маалытам такталарынын бар экендигин эскертет. Эгерде жарандар чек араны өтүп жатканда аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине кабылса анда бул телефон номерлерине: 54-80-40, 54-95-87, (0779) 40-73-90, 54-11-07, 54-43-06 кайрылса болот, же www.gps.gov.kg сайтындагы коомдук кабылдамага арыз калтырсаңыздар болот.