Отдел по связям с общественностью и СМИ Государственной пограничной службы Кыргызской Республики разъясняет обстановку по всему периметру государственной границы:
Временно приостановлен пропуск лиц и транспортных средств в пунктах пропуска через кыргызско-казахстанскую госграницу:
— пропуск грузов из Кыргызстана в Казахстан и из Казахстана в Кыргызстан, а также транзитных грузов осуществляется через пункты пропуска «Ак-Тилек-автодорожный» и «Чон-Капка-автодорожный» без ограничений в оба направления.
Временно приостановлен пропуск лиц и транспортных средств в пунктах пропуска через кыргызско-узбекскую госграницу:
— пропуск грузов из Кыргызстана в Узбекистан и из Узбекистана в Кыргызстан, а также транзитных грузов осуществляется через пункты пропуска «Достук-автодорожный», «Кызыл-Кия-автодорожный» и «Кадамжай-автодорожный» без ограничений в оба направления.
Временно приостановлен пропуск лиц и транспортных средств в пунктах пропуска через кыргызско-таджикскую госграницу:
— пропуск грузов из Кыргызстана в Таджикистан и из Таджикистана в Кыргызстан, а также транзитных грузов осуществляется через пункты пропуска без ограничений в оба направления.
-пункты пропуска на кыргызско-китайском участке госграницы временно закрыты и не осуществляют пропуск лиц, транспортных средств и грузов.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү жайларында адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду:
— ошону менен бирге Казакстандын аймагында калган Кыргызстандын жарандары Казакстандан чыга алышат, ал эми Кыргызстандын аймагындагы Казакстандын жарандары “Ак-Тилек-автожол”, “Чоң-Капка-автожол”, “Каинды-темиржол” өткөрүү жайлары аркылуу Казакстанга кире алышат.
— кайсы бир өлкөгө транзиттик жол менен Казакстандын аймагы аркылуу өтүүгө Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөнүн жарандарына убактылуу тыюу салынды.
— жүктөр Кыргызстандан Казакстанга жана Казакстандан Кыргызстанга, ошондой эле транзиттик жүктөр “Ак-Тилек-автожол” жана “Чоң-Капка-автожол” өткөрүү жайлары аркылуу эки багытка тең бирдей эч кандай чектөөсүз өткөрүлүүдө.
“Каинды-темиржол” өткөрүү жайы аркылуу темиржол тутуму менен өткөн жүктөр өткөрүлүүдө.
Ар күн сайын жогоруда аталган өткөрүү жайлары аркылуу айыл чарба азык-түлүгүн, тамак-ашты, эл керектөөчү товарларды жүктөгөн болжол менен 500 жүк ташуучу транспорт каражаты мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө.
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү жайларында адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду:
— ошону менен бирге Өзбекстандын аймагында калган Кыргызстандын жарандары Өзбекстандан чыга алышат, ал эми Кыргызстандын аймагындагы Өзбекстандын жарандары Өзбекстанга кире алышат.
— жүктөр Кыргызстандан Өзбекстанга жана Өзбекстандан Кыргызстанга, ошондой эле транзиттик жүктөр “Достук-автожол”, “Кызыл-Кыя-автожол” жана “Кадамжай-автожол” өткөрүү жайлары аркылуу эки багытка тең бирдей эч кандай чектөөсүз өткөрүлүүдө.
Ар күн сайын жогоруда аталган өткөрүү жайлары аркылуу айыл чарба азык-түлүгүн, тамак-ашты, эл керектөөчү товарларды жүктөгөн болжол менен 400 жүк ташуучу транспорт каражаты мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү жайларында адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду:
— ошону менен бирге Тажикстандын аймагында калган Кыргызстандын жарандары Тажикстандан чыга алышат, ал эми Кыргызстандын аймагындагы Тажикстандын жарандары Тажикстанга кире алышат.
— жүктөр Кыргызстандан Тажикстанга жана Тажикстандан Кыргызстанга, ошондой эле транзиттик жүктөр өткөрүү жайлары аркылуу эки багытка тең бирдей эч кандай чектөөсүз өткөрүлүүдө.
Ар күн сайын өткөрүү жайлары аркылуу айыл чарба азык-түлүгүн, тамак-ашты, эл керектөөчү товарларды жүктөгөн болжол менен 50дөн ашык жүк ташуучу транспорт каражаты мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө.
-кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайлары убактылуу жабык, адамдар, транспорт каражаттары жана жүктөр өткөрүлгөн жок.
Республиканын калкынын саламаттыгын сактоону камсыздоо максатында 2020-жылдын 20-мартында саат 00.00дон баштап Бишкекке/Бишкектен жана Ошко/Оштон бардык эл аралык авиарейстер токтотулду.
Бирок жүк жашуучу жана жүргүнчүлөрдү ташуучу айрым авикаттамдар каттайт:
-Москва—Бишкек – жумасына 1 жолу;
-Москва—Ош – жумасына 1 жолу;
-Новосибирск—Бишкек – жумасына бир жолу.
Кыргызстандын жарандары чет өлкөгө чыгуучу жалпы жарандык паспорт менен гана мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын бардык периметринде жагдай туруктуу.