Отдел по связям с общественностью и СМИ Государственной пограничной службы Кыргызской Республики сообщает, что 6 мая 2020 г. символ Эстафеты Победы прибыл в г.Ош.
Торжественная церемония встречи Эстафеты Победы состоялась на базе управления ГПС КР по Ошской области.
«Прибытие символа Эстафеты Победы в г.Ош – это важное событие для жителей нашего города и области, потому что практически из каждой семьи на фронт уходили родные. Здесь, в тылу, встречали эшелоны с эвакуированными, обустраивали их, и отсюда же отправляли на фронт все необходимое, — отметил в своем выступлении начальник управления ГПС КР по Ошской области полковник Ильгиз Талипов. –Многие из нас выбрали профессию защитника Отечества, потому что выросли на фронтовых рассказах наших дедов, которые были совсем юными, но крепкие духом и величественными в своей готовности отдать жизнь за мир, за будущее своих детей, внуков и правнуков. Встречая Эстафету Победы, мы отдаем дань памяти тем, кто первым встретил врага, тем, кто погиб на полях сражений, тем выжил и вернулся строить новую жизнь».
Международная акция, посвященная 75-летию Победы в Великой Отечественной войне, стартовала 5 февраля сразу по двум направлениям — в городах Бресте (Республика Беларусь) и Мурманске (Российская Федерация) и проходит вдоль внешних границ государств — участников СНГ.
На территории Кыргызстана Эстафета Победы проходит со 2 по 7 мая в городах Бишкеке и Оше.
7 мая на КПП «Бордобо-автодорожный» пограничники Кыргызстана передадут символ Эстафеты Победы пограничникам Таджикистана.
К сожалению, в связи с действующими мерами по недопущению распространения коронавирусной инфекции памятные мероприятия проходят без привлечения общественности, но во всех подразделениях ГПС КР по всему периметру госграницы проводятся тематические вечера «Мы помним, мы гордимся!» и другие акции, которые способствуют сохранению памяти о героической борьбе народов против фашизма в годы Великой Отечественной войны, укреплению единства и исторически сложившейся дружбы народов Содружества Независимых Государств.
Для пограничников проведение Эстафеты Победы – уже традиция, берущая свое начало с 1936 года (до ВОВ была больше спортивным мероприятием). Сегодня Эстафета Победы — это дань памяти тем пограничникам, которые первыми встретили врага в июне 1941 года.
Масштабная военно-патриотическая акция «Эстафета Победы» финиширует 28 мая в Москве у мемориального комплекса «Могила Неизвестного Солдата».
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү 2020-жылдын 6-майында Жеңиш Эстафетасы Ош шаарына келгендигин маалымдайт.
Жеңиш Эстафетасын тосуп алуу салтанаттуу аземи КР МЧКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын базасында өттү.
“Жеңиш Эстафетасынын Ош шаарына келиши – бул биздин шаардын жана облустун тургундары үчүн маанилүү окуя, себеби дээрлик ар бир үй-бүлөнүн жакын адамдары майданга кетишкен. Бул жакта болсо, тылда, эвакуаци болгон эшалондорду тосуп алып, аларды жайгаштырышып, майдан талаасына керектүү нерселердин баарын жөнөтүп турушкан”, — деп белгиледи өз сөзүндө КР МЧКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Ильгиз Талипов. – Ал кезде али жапжаш, бирок тынчтык үчүн, балдарынын, неберелеринин жана чөбөрөлөрүнүн келечеги үчүн жанын курман кылууга даяр болгон биздин чоң аталарыбыздын согуш жөнүндө баяндарын угуп жүрүп бой жеткендиктен көпчүлүгүбүз Мекен коргоочу кесибин тандап алганбыз. Жеңиш Эстафетасын тосуп жатып биз душмандарды алгачкылардан болуп тосуп алып, майдан талаасында кагылышууда курман болгон адамдарга, аман калып жаңы турмуш курууга кайтып келген адамдарга таазим кылып турабыз”.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган эл аралык акция Брест (Беларусь Республикасы) жана Мурманск (Россия Федерациясы) шаарларынан 5-февралда эки багыт боюнча старт алган жана ал КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларын бойлоп өтүүдө.
Кыргызстандын аймагында Жеңиш Эстафетасы майдын 2нен 7не чейин Бишкек жана Ош шаарларында өтүп жатат.
7-майда “Бордобо-автожол” көзөмөл өткөрүү жайында Жеңиш Эстафетасын Кыргызстандын чек арачылары Тажикстандын чек арачыларына өткөрүп беришет.
Тилекке каршы, коронавирус инфекциясынын таралышына жол бербөө чаралары көрүлүп жаткандыгына байланыштуу эскерүү иш-чараларына коомчулукту кеңири тартуу мүмкүн болбоду.
Бирок бул көрүнүш акциянын максатына — Улуу Ата Мекендик согуштагы фашизмге каршы элдин баатырдык күрөшү жөнүндө эс тутумду сактоого, КМШ өлкөлөрүнүн элинин биримдигин жана достугун бекемдөөгө тоскоолдук болгон жок.
Жеңиш Эстафетасын өткөрүү чек арачылар үчүн салт болуп калган, анын башаты 1936-жылдан бери келе жатат (Улуу Ата Мекендик согушка чейин бул спорттук иш-чара катары өткөн). Бүгүнкү күндө болсо Жеңиш Эстафетасы – бул 1941-жылы июнь айында биринчилерден болуп душманды тоскон чек арачыларга таазим кылуу болуп саналат.
Масштабдуу аскердик-патриоттук Жеңиш Эстафетасы акциясы 28-майда Москва шаарында “Белгисиз жоокердин күмбөзү” мемориалдык комплексинин жанында соңуна чыгат.