Глава пограничного ведомства навестил в больнице раненых пограничников

В Баткен вылетели вице-премьер-министр с медицинской бригадой
09.05.2020
С Днем Победы!
09.05.2020

9 мая 2020 г. председатель Государственной пограничной службы Кыргызской Республики полковник Уларбек Шаршеев посетил военнослужащих, получивших ранения в перестрелке 8 мая 2020 г. и находящихся на лечении в Баткенской объединенной областной больнице.

Глава пограничного ведомства пожелал им скорейшего выздоровления, заверил, что ведомство примет все меры для восстановления их здоровья и окажет необходимую помощь. Полковник У. Шаршеев поздравил бойцов с Днём Победы и выразил надежду, что пограничники в скором времени вернутся в строй.

Он также встретился с медицинским персоналом больницы, который доложил о состоянии здоровья раненых военнослужащих, и их процессе лечения. Медицинская бригада, прибывшая сегодня из Бишкека, проведет консилиум по состоянию здоровья военнослужащего,получившего тяжёлые ранения.

«Мы окажем всю необходимую помощь для наших пограничников. Главное — верните в строй бойцов», — обратился с просьбой к врачам глава пограничного ведомства республики.

 

ххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххх

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы полковник Уларбек Шаршеев 2020-ж. 8-майында ок атышууда жаракат алып, Баткен облустук ооруканасында дарыланууда жаткан аскер кызматчыларынын акыбалынан кабар алды. Чек ара ведомствосунун башчысы алардын тезирээк сакайып кетишин тилек кылып, ведомство тараптан тиешелүү жардам көрсөтүлүп, алардын ден соолуктары калыбына келиши үчүн бардык чаралар көрүлөрүн билдирди.

Полковник Уларбек Шаршеев аскер кызматчыларын Жеңиш күнү менен куттуктады жана чек арачылар жакын арада кайрадан катарга келишээрине үмүт кылды.

Ошондой эле ал оорукананын кызматкерлери менен жолугушуп, алар жаракат алган аскер кызматчыларынын акыбалы жана аларды дарылоо процесси туурасында баяндама беришти. Бүгүн Бишкектен келген дарыгерлердин бригадасы оор жаракат алган аскер кызматчысынын ден соолугу боюнча консилиум өткөрөт.

Республиканын чек ара ведомствосунун башчысы «Биздин чек арачыларга керектүү болгон бардык жардамды көрсөтөбүз. Эң негизгиси аларды кайрадан катарга тургузуп бергиле» деген өтүнүч менен дарыгерлерге кайрылды.

Комментарии закрыты.