По состоянию на 17 июня 2020 г. обстановка в пунктах пропуска на кыргызско-казахстанском участке государственной границы стабильная.
Возобновление функционирования пунктов пропуска «Чалдыбар — автодорожный» и «Кен-Булун — автодорожный» позволило разгрузить пункт пропуска «Ак-Тилек — автодорожный» и обеспечить беспрепятственное передвижение грузовых транспортных средств без скоплений и очередей.
По состоянию на 17 июня 2020 г. на кыргызско-казахстанском участке государственной границы функционируют четыре автодорожных пункта пропуска: «Ак-Тилек — автодорожный», «Чалдыбар — автодорожный», «Кен-Булун — автодорожный» в Чуйской области, «Чон-Капка — автодорожный» в Таласской области.
Пропуск граждан и грузовых транспортных средств в соответствии с требованиями распоряжения Правительства Кыргызской Республики №84-р от 17 марта 2020 г. осуществляется в пунктах пропуска «Ак-Тилек — автодорожный» и «Чон-Капка — автодорожный».
Пункт пропуска «Чалдыбар — автодорожный» осуществляет пропуск только грузовых автотранспортных средств в оба направления.
Проезд через пункт пропуска «Кен-Булун-автодорожный» открыт только для выезда из Кыргызской Республики порожних грузовых автотранспортных средств.
Пропуск грузовых железнодорожных составов осуществляется через пункт пропуска «Каинды-железнодорожный».
ххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххх
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү 2020-жылдын 17-июнуна кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларындагы кырдаал туруктуу экендигин маалымдайт.
«Чалдыбар-авто жол» жана «Кең-Булун авто жол» өткөрүү жайларынын иштеп башташы «Ак-Тилек-авто жол» өткөрүү жайынын ишин жеңилдетти жана оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын тоскоолдуксуз, топтолбой кезек күтүүсүз өтүүсүн камсыздай алды.
2020-жылдын 17-июнуна карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагында төрт авто жол өткөрүү жайлары жумуш алып барууда, алар: Чүй облусунда «Ак-Тилек-авто жол», «Чалдыбар-авто жол», «Кең-Булун авто жол», ал эми Талас облусунда «Чоң-Капка авто жол» өткөрүү жайлары.
Жарандарды жана оор жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы номер 84-р тескемесиндеги талаптардын негизинде «Ак-Тилек-авто жол» жана «Чоң-Капка авто жол» өткөрүү жайларынан ишке ашырылат. «Чалдыбар-авто жол» өткөрүү жайы эки тарапка оор жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрүүнү гана ишке ашырып, ал эми «Кең-Булун авто жол» өткөрүү жайы болсо Кыргыз Республикасынан сыртка бош оор жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрүүгөачылган.
Темир жол курамындарынан жүк ташууну «Каинды-темир жол» өткөрүү жайы ишке ашырат.