2020-жылдын 25-октябрында Баткен облусунун Баткен районунун Үч-Дөбө жерлигинде орун алган чыр-чатактын күчөп кетпөөсүн алдын-алуу жана кырдаалды турукташтыруу максатында бүгүн 2020-жылдын 26-октябры Баткен облусуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары-Башкы штабдын башчысы полковник Абдикарим Алимбаев күч структуралырынын аракеттерин координациялоо үчүн учуп кетти.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аталган аймагындагы кырдаал азыркы учурда туруктуу деп мүнөздөлөт.