По состоянию на 10:30 15 июня 2022 г. обстановка на кыргызско-таджикском участке государственной границы характеризуется как относительно стабильная.
Ночь прошла спокойно, происшествий и инцидентов не зафиксировано.
В целях недопущения инцидентов на других участках кыргызско-таджикской госграницы вчера, 14 июня, в период с 19:30 до 20:35 в местности Төрт-Көчө Баткенского района Баткенской области состоялась встреча пограничных представителей Кыргызской Республики по Баткенскому участку и Республики Таджикистан по Исфаринскому участку.
Во встрече также приняли участие начальники пограничных застав Сторон по участкам ответственности.
Учитывая обстоятельства вооруженного инцидента, произошедшего 14 июня 2022 г. в м.Булак-Баши, а также в целях недопущения эскалации обстановки на других участках госграницы,
начальникам пограничных застав Сторон были поставлены задачи по недопущению эскалации обстановки и урегулированию ситуации на участках ответственности.
Позднее с 20:40 до 21:20 между пунктами пропуска «Кызыл-Бель-автодорожный» КР и «Гулистон-автодорожный» РТ состоялась еще одна встреча пограничных представителей Кыргызской Республики по Баткенской области и Республики Таджикистан по Согдийской области с участием начальников областных управлений правоохранительных органов Сторон.
По итогам переговоров были приняты следующие решения:
— осуществлять контроль за исполнением решений, принятых в ходе встречи между пограничными представителями (начальниками отрядов) и начальниками застав Сторон по участкам ответственности;
— поручить заместителям пограничных представителей Сторон контролировать деятельность пограничных постов, установленных в местности Булак-Башы.
В ходе этой встречи был также пересмотрен вопрос о проведении сельскохозяйственных работ вблизи линии госграницы. Учитывая все обстоятельства, Стороны приняли решение о недопущении проведения сельскохозяйственных работ вблизи линии государственной границы.
Обстановка на кыргызско-таджикском участке Государственной границы отслеживается.
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 15-июну саат 10.30гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдайт.
Түн тынч өттү, эч кандай терс окуялар, чыр-чатактар катталган жок.
Кечээ, 14-июнда саат 19:30дан 20:35ке чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын башка тилкелеринде чыр-чатактарды болтурбоо максатында Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Төрт-Көчө жерлигинде Кыргыз Республикасынын Баткен багыты менен Тажик Республикасынын Исфара багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга тараптардын жооптуу аймактардагы чек ара заставаларынын башчылары да катышты.
2022-жылдын 14-июнунда Булак-Башы жерлигинде орун алган куралдуу чыр-чатактын жагдайларын эске алуу менен, ошондой эле мамлекеттик чек аранын башка аймактарында кырдаалдын курчушуна жол бербөө максатында, тараптардын чек ара заставаларынын башчыларына кырдаалдын курчушуна жол бербөө жана жоопкерчиликтүү аймактарда кырдаалды жөнгө салуу тапшырмасы берилди.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:
— тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн (отряддардын башчыларынын) жана жооптуу аймактардагы заставалардын башчыларынын жолугушуусунда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
— тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн орун басарларына Булак-Башы жерлигинде жайгашкан чек ара посттордун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө тапшырмасы коюлду.
Бул жолугушууда мамлекеттик чек арага жакын жердеги айыл чарба иштери боюнча да маселе каралды. Бардык жагдайларды эске алуу менен тараптар мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерде айыл чарба иштерин жүргүзүүгө жол бербөө чечимин кабыл алышты.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал көзөмөлдө.