08 октября 2022 г. состоится церемония официального открытия новой инфраструктуры пункта пропуска «Достук- автодорожный», расположенного на кыргызско-узбекском участке государственной границы.
Пункт пропуска прошел полную реконструкцию (модернизацию). На КПП «Достук-автодорожный» будет реализован инновационный проект, предусматривающий техническую модернизацию, пересмотр бизнес-процессов и внедрение цифровых технологий для осуществления ускоренного, упрощенного и в тот же время эффективного контроля на границе.
В этой связи завтра, 8 октября 2022 г., в период с 10:00 до 13:00 в пункте пропуска «Достук- автодорожный» будет временно приостановлен пропуск лиц, транспортных средств и грузов.
Напоминаем, что КПП «Достук-автодорожный» является международным, функционирует круглосуточно.
Пограничная служба ГКНБ Кыргызской Республики призывает граждан и гостей нашей страны, намечающих пересечение госграницы, заранее планировать свой маршрут.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 8-октябры мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде жайгашкан «Достук-авто жол» көзөмөл өткөрүү жайынын жаңы инфраструктурасынын расмий ачылыш аземи боло тургандыгын маалымдайт.
Бул өткөрүү жайы толук реконструкциядан (модернизациядан) өттү.
«Достук-авто жол» көзөмөл өткөрүү жайында чек ара көзөмөлүн тездетилген, жөнөкөйлөштүрүлгөн жана ошол эле учурда эффективдүү ишке ашыруу үчүн техникалык модернизациялоону, бизнес-процесстерди кайра карап чыгууну жана санариптик технологияларды киргизүүнү караган инновациялык долбоор ишке ашырылат.
Буга байланыштуу эртең, 2022-жылдын 8-октябрында саат 10:00дөн 13:00гө чейин «Достук-авто жол» көзөмөл өткөрүү жайында жарандардын, транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн өтүүсү убактылуу токтотулат.
Эскерте кетсек, «Достук-авто жол» көзөмөл өткөрүү жайы эл аралык болуп, күнү-түнү иштейт.
КР УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны кесип өтүүнү пландап жаткан өлкөбүздүн жарандарын жана конокторун алдын-ала каттамдарын пландаштырылууга чакырат.