22 июня 2023 года Совет Ветеранов Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики провел акцию «Зажги Свечу Памяти», приуроченную к 82-й годовщине начала Великой Отечественной войны.
22 июня 1941 года ровно в 4 утра фашистская Германия напала на Советский Союз и началась самая разрушительная, жестокая и кровопролитная из всех войн — Великая Отечественная война.
Первыми удар на себя приняли советские пограничники, проходившие службу на западной государственной границе.
Спустя 82 года, 22 июня 2023 г. в столице Кыргызстана на Аллее пограничной славы ровно в 4 утра представители Совета ветеранов совместно с военнослужащими Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики, сотрудниками Оперативной Пограничной группы ФСБ России в Кыргызской Республике зажгли свечи в память о тех, кто принял бой в первый день войны.
После уже на Площади Победы состоялся митинг-реквием, в котором приняли участие руководство Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики, ветераны-пограничники, ветераны Вооруженных сил и силовых структур Кыргызской Республики.
В митинге также участвовал мэр г. Бишкека Эмилбек Абдыкадыров, представители дипломатического корпуса, гости и жители столицы.
Участники митинга-реквиема возложили цветы к Вечному огню, после чего была объявлена минута молчания в память о пограничниках, погибших в годы ВОВ.
В своем выступлении председатель Совета ветеранов ПС ГКНБ КР полковник запаса Чолпонбек Буржуев отметил: «Советские пограничные войска были одними из самых боеспособных подразделений Красной Армии.
На всем протяжении западной границы было размещено 666 пограничных застав, 485 из них приняли бой в первый день войны, остальные заставы вступили в бой 29 июня. Мы просто обязаны сохранить память о ветеранах-пограничниках ВОВ, их героизме и мужестве. Их бессмертный подвиг — наше наследие, которое мы передадим будущим поколениям стражей границы».
Кыргыз Республикасынын УКМКнин Чек ара кзыматынын Ардагерлер кеңеши «Эскерүү шамын жак» акциясын өткөрдү
2023-жылдын 22-июнунда Улуу Ата-Мекендик согуштун башталышынын 82 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын УКМКнин Чек ара кызматынын Ардагерлер кеңеши «Эскерүү шамын жак» акциясын өткөрдү.
1941-жылы 22-июнда таңкы саат төрттө фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салып, согуштардын арасынан эң кыйратуучусу, эң ырайымсызы жана эң кандуусу — Улуу Ата-Мекендик согуш башталган.
Мамлекеттик чек аранын күн батыш тарабында кызмат өтөгөн советтик чек арачылар алгачкы соккуну өзүнө алышкан.
82 жылдан кийин, 2023-жылдын 22-июнунда, Кыргызстандын борборундагы Чек ара даңкы аллеясында таңкы саат 4тө Ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматчылары, Россиянын Кыргызстандагы ФККнын Ыкчам чек ара тобунун кызматкерлери менен биргеликте согуштун алгачкы күнүндө салгылашууга түшкөндөрдү эскерип шам жагышты.
Кийинчерээк, Жеңиш Аянтында Кыргыз Республикасынын УКМКнин Чек ара кызматынын жетекчилиги, чек арачы-ардагерлер, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жана күч түзүмдөрүнүн ардагерлери катышкан митинг-реквием өттү.
Митингге Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, дипломаттык корпустун өкүлдөрү, коноктор жана борбор шаарыбыздын тургундары да катышты.
Митинг-реквиемдин катышуучулары Өчпөс отко гүл коюшуп, андан соң бир мүнөткө унчукпай туруп Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон чек арачыларды эскеришти.
КР УКМК ЧКнын Ардагерлер кеңешинин төрагасы запастагы полковник Чолпонбек Буржуев өз сөзүндө «Кызыл Армиянын согушка даяр эң алдыңкы аскерлеринин бири — бул советтик чек ара аскерлери болгон» деп белгиледи.
Батыш чек ара боюнда 666 чек ара заставалары болгон, анын 485и согуштун алгачкы күнүндө согушка киришкен, калган заставалары 29-июндан баштап салгылашка түшүшкөн. Биз Улуу Ата-Мекендик согуштагы чек арачы ардагерлердин баатырдыгын жана кайраттуулугун эстен чыгарбоого милдеттүүбүз. Алардын өлбөс эрдиги — биз чек ара сакчыларынын келечек муунуна өткөрүп бере турчу мурас.