2023-жылдын 12-сентябрында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында КР УКМК ЧК 2026 жана 2031 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына батирлердин ачкычын тапшыруу салтанаттуу аземи өттү.
Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиев, УКМК Чек ара кызматынын директору генерал-майор У.З.Шаршеев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, аскер бөлүктөрүнүн колбашчылыгы жана өздүк курамы, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү жана Чек ара кызматынын ардагерлери катышышты.
Төрт кабаттуу үй аскердик шаарчанын аймагында курулган. 36 батирлүү үйдүн курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны бекемдөө, өлкөнүн жана жалпы аймактын чек ара коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.
“Мекен чегинин сакчыларынын социалдык көйгөйлөрүн чечүү маселеси ар дайым Кыргызстандын Президентинин көңүл борборунда, ошондой эле аскер кызматчыларынын кызмат өтөөсү үчүн жана алардын үй-бүлөлөрүнүн турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга жалпы өлкө жетекчилиги тарабынан зарыл болгон чаралар көрүлүп келүүдө. Ага бүгүнкү иш-чара айкын мисал болуп турат”, — деп белгиледи генерал-лейтенант К. Ташиев.
Көптөн күткөн жаңы батирлердин ачкычтарын 36 аскер кызматчынын үй-бүлөлөрү алышты.
Жаңы турак-жай комплексинде алар үчүн көмүр сактоочу кампа менен өзүнчө откана, балдар үчүн аянтча жана унаа токтотуучу жайы каралган.
Бул үйдөгү батирлердин орточо аянты 62-87 м2түзөт.
Үй жеке долбоор менен курулган.
******************
12 сентября 2023 г. в с. Новопокровка Иссык-Атинского района Чуйской области состоялась тожественная церемония вручения ключей от квартир военнослужащим войсковых частей 2026 и 2031 ПС ГКНБ КР.
В мероприятии приняли участие заместитель председателя Кабинета министров — председатель ГКНБ Кыргызской Республики генерал-лейтенант К.К.Ташиев, директор Пограничной службы ГКНБ генерал-майор У.З.Шаршеев, представители Полномочного представительства Президента КР в Чуйской области, правоохранительных и силовых структур, командование и личный состав войсковых частей, семьи военнослужащих и ветераны Пограничной службы.
Четырехэтажный дом построен на территории военного городка. Строительство 36-квартирного дома производилось из средств республиканского бюджета.
Выступая на мероприятии, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев подчеркнул необходимость реализации комплекса мероприятий по укреплению государственной границы, повышению уровня пограничной безопасности страны и региона в целом.
«Решение социальных вопросов стражей границы всегда будет оставаться в фокусе внимания президента Кыргызстана и в целом всего руководства страны, которое принимает необходимые меры по улучшению условий службы и быта военнослужащих и их семей. Ярким примером тому является сегодняшнее мероприятие», — отметил генерал-лейтенант К. Ташиев.
Долгожданные ключи от новых квартир получили 36 семей военнослужащих.
В новом жилом комплексе для них предусмотрены отдельная котельная со складом для хранения угля, детская площадка и автопарковка.
Средняя площадь квартир в доме составляет 62 — 87 м2.
Сам дом построен по индивидуальному проекту.