Алгачкы офицердик наамды ыйгаруу салтанаты

Тажикстан менен чектешкен чек арада аткезчилик жүк кармалып, Өзбекстан менен чектешкен чек арада бодо малдын өтүшүнө бөгөт коюлду
17.10.2023
«Ак-Тилек-автожол» КӨЖдагы абал
23.10.2023

2023-жылдын 20-октябрында Ош шаарында Квалификацияны жогорулатуу жана аскер кызматчыларын кайрадан даярдоо борборунун (КЖжАККДБ) базасында мөөнөттүү аскер кызматындагы  жогорку билими бар аскер кызматчыларына “запастагы лейтенант” алгачкы аскердик наамынын ыйгарылышына карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Салтанатка Чек ара кызматынын Ош шаарында жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн  жетекчилиги, аскер кызматчыларынын туугандары жана жакындары, ошондой эле КЖжАККДБнун жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.

Былтыр күздө чакырылган 50гө жакын жогорку билими бар чек арачылар чек аранын тарамдарында  мөөнөттүү кызмат өтөшкөн. “Запастагы лейтенант” офицердик наамын алганга чейин алар бир ай аралыгында жыйында болушуп, мотоаткычтар взводдорунун командирлери кызматында теориялык жана практикалык билимди жана көндүмдөрдү өздөштүрүп, взвод командирлерине коюлчу тапшырмаларды жана жоопкерчиликти  таанышты. Аскер кызматчылары тарамдардын башкаруу тутуму жана тарбия иштеринин уюштурулушу менен таанышып, ошондой эле курал жана аскердик техниканы пайдалануу боюнча көндүмдөрдү өздөштүрүп, аларды сактоонун эрежелерин үйрөнүштү. Мындан тышкары жыйындын катышуучулары КР Куралдуу күчтөрүнүн Уставынын талаптарын толугу менен өздөштүрүштү.

Квалификацияны жогорулатуу жана аскер кызматчыларын кайрадан даярдоо борборунун башчысы полковник Таалайбек Кожошев офицерлерди куттуктап, КЖжАККДБда алган билимдери аларга жарандык турмушта да кереги тиет деген үмүтүн билдирди. “Чек ара аскерлеринде кызмат өтөө —  бул жашоонун жакшы мектеби.  Силер болсо бүгүн  армиянын өзөгү болгон офицердик курамдын бир бөлүгү болдуңар. Мекенибиздин өнүгүшүнө жана келечегине сиздердин ар бириңер татыктуу салым кошосуздар деп ишенем”, — деп полковник Т. Кожошев насаат сөзүн айтты.

***** ***** ***** ***** *****

20 октября 2023 г. в г.Оше на базе Центра повышения квалификации и переподготовки военнослужащих (ЦПК и ПВ) состоялось торжественное мероприятие по случаю присвоения первичного офицерского звания «лейтенант запаса» военнослужащим срочной службы, имеющим высшее образование.   

В торжестве приняли участие руководство войсковых частей Пограничной службы, дислоцированных в г. Ош, родные и близкие военнослужащих, а также руководство и личный состав ЦПК и ПВ.

Около 50-ти пограничников с высшим образованием, призванные осенью прошлого года, прошли срочную службу в подразделениях границы. Прежде чем получить офицерское звание «лейтенант запаса», они в течение месяца на сборах получали теоретические и практические знания и навыки в должности командиров мотострелковых взводов, изучали задачи комвзвода и зону своей ответственности.  

Военнослужащие ознакомились с системой управления подразделений и организацией воспитательной работы, а также приобрели навыки по использованию вооружения и военной техникой,  изучили правила их хранения. Кроме того, участники сборов полностью освоили требования Уставов Вооруженных сил КР и других руководящих документов. 

Начальник Центра повышения квалификации и переподготовки военнослужащих  полковник Таалайбек Кожошев поздравил офицеров, выразив надежду, что знания, полученные в ЦПК и ПВ, пригодятся им и в гражданской жизни.

«Служба в пограничных войсках – это хорошая школа жизни. А сегодня вы становитесь частью офицерской когорты – основы армии. Уверен, что каждый из вас внесет достойный вклад в развитие и будущее нашей Родины»,- напутствовал полковник Т. Кожошев.

Комментарии закрыты.