2023-жылдын 08-ноябрында спорттук-атайын иш-чара өткөрүү учурунда коопсуздук техникасы сакталбагандын натыйжасында Баткен облусунда келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматчысы каза тапты.
Алдын ала алынган малыматка караганда, спорттук-атайын иш-чаранын өтүшүндө 1996-ж.т. Ы. уулу С., баш мээден оор жаракат алган жана шашылыш түрдө Баткен облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык жандандыруу иш-аракеттери көрүлгөнүнө карабастан аскер кызматчы каза тапкан. Учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө. Бул факты боюнча бардык тиешелүү органдар кабардар болуп, иликтөө башталды.
***** ***** ***** ***** *****
08 ноября 2023 года в результате нарушения техники безопасности при проведении спортивно- специальных мероприятий в Баткенской области скончался военнослужащий контрактной службы.
По предварительным данным, в ходе проведения спортивно-специальных мероприятий прапорщик Ы. уулу С., 1996 г.р., получил тяжелую черепно-мозговую травму и был экстренно доставлен в реанимационное отделение Баткенской областной больницы. Несмотря на все предпринятые реанимационные мероприятия по оказанию медицинской помощи, военнослужащий скончался.
В настоящее время проводится судебно-медицинская экспертиза. По данному факту оповещены все соответствующие органы, начато расследование.