14 600 000 сомдон ашуун ири суммадагы аткезчилик фактыларга бөгөт коюлду

«Бор-Дөбө-автожол» өткөрүү жайы убактылуу жабылат
11.05.2024
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
07.06.2024

Өткөн жумада Баткен облусунда чек арачылар 14 600 000 сомдон ашуун ири суммадагы  аткезчилик жүктөрдүн алынып өтүү фактыларына бөгөт коюлду.

2024-жылдын 11-майында Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары КР УКМК аймактык тарамынын кызматкерлери менен биргеликте 9 баш бука жүктөлгөн Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Кыргызстандын жарандарында – айдоочунун жана жүргүнчүнүн жаныда малга тийиштүү документтери болгон эмес.

Алдын ала алынган маалыматка караганда ири мүйүздүү жандыктардын жалпы баасы болжол менен 1 060 000 сомдү түздү.

Эртеси, 2024-жылдын 12-майында Баткен облусунун Лейлек районунун Достук айылында чек арачылар КР УКМК аймактык тарамынын кызматкерлери менен биргеликте Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааны кармашып, анын ичинде жашыруун жай табышкан.  

Унааны текшерүү учурунда алдыңкы отургучтарда жашыруун жайлар табылган. Отургучтардын ылдый жактарынын капталдары фанера менен тосулуп, ичтеринде уюлдук телефондор катылган.

Жүк ташуучунун жанында товарды алып өтүүгө уруксат берүүчү документтер болгон эмес. TECNO SPARK маркасындагы 1 361 даана смартфондор 2024-ж. КЭР өндүрүлгөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда смартфондор 13 600 000 сомго бааланган.

Тиешелүү документтер толтурулган соң бардык кармалгандар жана аткезчилик жүктөр мындан ары териштирүү иштери жүргүзүлүшү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

***** ***** ***** ***** *****

На прошлой неделе в Баткенской области пограничники пресекли несколько фактов провоза контрабандного груза на крупную сумму — более 14 600 000 сомов. 

Так, 11 мая 2024 г. пограничники Лейлекского пограничного отряда совместно с сотрудниками территориального подразделения ГКНБ КР остановили автомашину марки  Mercedes-Benz Sprinter c 9 (девятью) быками. 

У граждан Кыргызстана – водителя и пассажира отсутствовали соответствующие документы на живность.

По предварительным данным, общая стоимость крупнорогатого скота  составила около 1 060 000 сомов.

На следующий день, 12 мая 2024 г., в с. Достук Лейлекского района Баткенской области пограничники совместно с сотрудниками территориального подразделения ГКНБ КР задержали автомашину марки  Mercedes-Benz Sprinter, в салоне которой был обнаружен тайник.

В ходе досмотра под передними сиденьями автомашины были обнаружены тайники.

Низ сидений по бокам был закрыт фанерой, а внутри спрятаны сотовые телефоны.

У перевозчика отсутствовали разрешительные документы на провоз товара.

Смартфоны марки TECNO SPARK количеством 1 361 штук были произведены в КНР в 2024 г.

По предварительным данным, стоимость смартфонов оценивается в 13 600 000 сомов.

После оформления соответствующих документов все задержанные и контрабандные грузы переданы сотрудникам компетентных органов для дальнейшего разбирательства.

Комментарии закрыты.