«Достук-автожол» өткөрүү жайындагы жагдай туурасында

Валюта на более 30 млн сомов задержана на границе
04.07.2024
Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы жаңы «Бедел» өткөрмө пунктунун ачылышына байланыштуу кайрылуусу
03.09.2024

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат.

Жайкы мезглиде, тактап айтсак, 2024-жылдын 10-августунан баштап Кыргызстандагы жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң ири чек ара өтмөгү болгон “Достук-автожол”  өткөрүү жайында жүргүнчүлөрдүн жана транспорт каражаттарынын  агымы кайрадан көбөйгөндөгү катталды.

Бир сутка аралыгында бул өткөрүү жайынан 18 000 — 26 000 адам өтөт. Ал эми өткөрүү жайынын мүмкүнчүлүгү  тынымсыз чек ара көзөмөл жүргүзүгөнүн эске алганда сутка аралыгында 16 400 адам өткөрүүгө ылайыкталган.

Ош облусундагы базарлардын иши (шейшемби жана ишемби күндөрү дүң соода жүргөнү), студенттердин окуу жайларына кайтып келиши, туристттик сезондун уланып жаткандыгы жана сезондук иштер “Достук-автожол” КӨЖ аркылуу кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесин кесип өткөн жарандарынын  жана транспорт каражаттарынын кезегинин жаралышына себеп болду.

“Достук-автожол” өткөрүү жайында мамлекеттик чек араны кесип өтүп жаткан жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, аларды жакшыртуу боюнча иштер уланып келүүдө.

Учурда өткөрүү жайында 33 паспорттук көзөмөл кабиналары иштейт:

  • Жүргүнчүлөрдүн агымынынын кыймылы бөлүнгөн: чек арадан жүк менен өтүүчүлөргө жана жүгү жок өтүүчүлөргө ар бирине өзүнчө коридорлор каралган.
  • укук коргоо органдары менен өз ара аракет жүргүзүп   “Достук-автожол” КӨЖнын жоопкерчилигиндеги аймакта  тартип камсыздалган.

Мамлекеттик чек арада коррупциялык  көрүнүштөргө каршы аракет жүргүзүү максатында өткөрүү жайында видеокамералар, ошондой эле КР УКМК ЧК жетекчилигинин жана ишеним телефон номерлери көрсөтүлгөн маалыматтык такта орнотулган.  

Бардык жарандардын кайрылуусу Чек ара кызматынын жетекчилиги тарабынан ыкчам каралып, зарыл болсо кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.

2024-жылдын 28-августуна карата кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде төмөндөгү өткөрүү жайлары иштейт:

  • Жалал-Абад облусунда: “Маданият-автожол”, “Баймак-автожол”;
  • Ош облусунда: “Достук-автожол”;
  • Баткен облусунда: “Кызыл-Кыя-автожол”, “Кадамжай-автожол”, “Кайтпас-автожол”, “Ак-Кыя-автожол”, “Өтүкчү-автожол”, “Чечме-автожол”.

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы жарандарды жолго чыгуу убакытты жана багытты алдын ала пландаштырып алууга чакырат.  

***** ***** ***** ***** *****

Пункты пропуска, расположенные на кыргызско-узбекском  участке государственной границы функционируют в штатном режиме.

Пограничная служба ГКНБ Кыргызской Республики отмечает, что в летний период, а именно с 10 августа 2024  г. зафиксировано очередное увеличение пассажиропотока и транспортных средств, следующих через пункт пропуска «Достук-автодорожный» -один из крупнейших пограничных переходов в Кыргызстане и  в Центрально-Азиатском регионе.

Ежесуточно данный пункт пропуска пересекают 18 000 – 26 000 человек. При этом пропускная способность пункта пропуска с учетом непрерывного осуществления пограничного контроля составляет 16 400 человек в сутки.

Значительное увеличение количества граждан и  транспортных средств, пересекающих кыргызско-узбекскую госграницу через КПП «Достук-автодорожный», является причиной очередей, а также скоплений легкового транспорта перед пунктом пропуска и связано с работой рынков Ошской области (дни оптовой торговли на рынках -вторник и суббота), прибытием студентов к местам учебы, продолжающимся туристическим сезоном и сезонными работами.

В пункте пропуска «Достук-автодорожный» созданы благоприятные условия для граждан, пересекающих государственную границу, ведется планомерная работа по их улучшению.

В настоящее время в пункте пропуска функционируют 33 кабины паспортного контроля:

— разграничено движение пассажиропотока: создан отдельный коридор для граждан, пересекающих границу с грузом, и тех, кто без груза.

— пограничные наряды на КПП «Достук-автодорожный» оснащены видеорегистраторами, фиксирующими обстановку в пункте пропуска;

— во взаимодействии с правоохранительными органами обеспечивается порядок на территории, прилегающей к КПП.

В целях противодействия коррупционным проявлениям на госгранице в пункте пропуска установлены видеокамеры, а также информационный щит, где указаны номера телефонов доверия и руководства ПС ГКНБ КР.

Все обращения граждан оперативно рассматриваются руководством Пограничной службы и при необходимости проводится служебное расследование.

По состоянию на 28 августа  2024 г. на кыргызско-узбекском участке государственной границы функционируют следующие пункты пропуска:

в Джалал-Абадской области: «Маданият-автодорожный», «Баймак-автодорожный»;

в Ошской области: «Достук-автодорожный»;

в Баткенской области: «Кызыл-Кия-автодорожный», «Кадамжай-автодорожный», «Кайтпас-автодорожный», «Ак-Кыя-автодорожный», «Өтүкчү-автодорожный»; «Чечме-автодорожный».

Пограничная служба ГКНБ Кыргызской Республики рекомендует гражданам заранее планировать выезды и маршруты передвижения.

Комментарии закрыты.