Ошто кинологдордун мелдеши башталды жана Чек ара кызматынын Кинологиялык борборунун капсуласы салынды

Кыргызстан и Китай открыли новый пункт пропуска «Бедель-автодорожный»
04.09.2024
«Бек-Абад-автожол» КӨПда адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулат
10.10.2024

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы бүгүн, 2024-жылдын 8-октябрында, Ош шаарындагы Квалификацияны жогорулатуу жана аскерлерди кайра даярдоо борборунун базасында III ведомстволор аралык кинологдордун мелдешинин ачылышынын салтанаттуу аземи өткөндүгүн маалымдайт.

Кинологдордун ведомстволор аралык мелдеши ЕККУнун  кеңселик программасынын колдоосу менен

үчүнчү жылы катары менен өткөрүлүп жатат.

Квалификацияны жогорулатуу жана аскерлерди кайра даярдоо борборунун башчысы полковник А. Абдылдаев мелдештин катышуучуларына кайрылууда республиканын күч жана укук коргоо ведомстволору кош аракетте болушу зарыл экендигин, аны менен улуттук коопсуздукту камсыздоо үчүн коюлган тапшырмаларды сапаттуу аткарууга мүмкүн болоорун белгиледи.

Өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги кеңселик программасынын башчысы элчи А. Рогов: «Бул мелдештер бизге эрктүүлүктү, кесипкөй чеберчиликти жана топтолгон тажрыйбаны, максатка,  жеңишке жетүүгө чечкиндүүлүктү көрсөткөн мыкты мүмкүнчүлүк болот. Биргелешип иш алып баруу, өз ара түшүнүшүү жана тажрыйба алмашуу — бул  заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга каршы турууга ийгиликтүү ачкыч. Бир өлкөнүн коопсуздугу түздөн-түз жалпы аймактын  туруктуулугуна таасирин тийгизерин эске алуу маанилүү. Мына ушул жерде ведомстволор арасындагы кош аракет негизги ролду ойнойт» деди.

III ведомстволор аралык кинологдордун мелдешине 4 команда катышат. Алар УКМК Чек ара кызматынан, Юстиция министрлиги алдындагы Жазаларды аткаруу кызматынан, Финансы министрлиги алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынан, ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын келишкен.

Команданын курамы команданын капитанынан жана кызматтык иттери менен экиден кинологдон туруп, жалпысынан 12 адам жана 8 кызматтык ит мелдешишет.

Мелдештер 8-11-октябрь күндөрү өтөт. Кинологдор жана кызматтык иттер багажда, жүк ташуучу жана жеңил автоунааларда, бөлмөдө баңгизатты издеп табуу боюнча мелдешишет. Мелдештин акыркы этабы «Баш ийүү» деп аталат.

Мелдештин ачылыш аземи учурунда катышуучуларга Квалификацияны жогорулатуу борборунун оңдоп түзөөдөн өткөн жана бюджеттен тышкаркы ЕККУнун Бишкектеги кеңселик программасынын долбоорунун колдоосу менен жабдууланган  класстары көрсөтүлдү.

Бул класстар онлайн режимде сабак өтүүгө мүмкүн болгон заманбап техникалык каражаттар менен жабдууланган.

Андан соң 2024 аскер бөлүгүнүн базасында УКМК Чек ара кызматынын Кинологиялык борборунун болочоктогу имаратынын фундаментине капсула салуу аземи болду.

Жаңы Кинологиялык борбор ЕККУнун кеңселик программасынын бюджеттен тышкаркы долбоорунун жана Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын эл аралык өнөктөштөрүнүн колдоосу менен курулмакчы.

Кинологиялык борборго бир нече объекттер камтылат: кинологдор үчүн казарма жана окуу класстары, вольерлер, тоскоолдуктар тилкеси, ошондой эле  кызматтык иттер үчүн төлдөө жана ветеринардык блоктор.

Мындан тышкары,  жаңы Кинологиялык борбордо кызматтык иттер менен машыгуу жана практикалык сабактарды өтүү үчүн атайын жайлар курулат.

Жаңы имараттар эл аралык стандартка туура келет жана өзүнө 72 итти батырат.

Кинологиялык борбордун курулушунун долбоору 1 миллион еврого бааланган.

***** ***** ***** ***** *****

Управление информации и коммуникаций Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики сообщает, что, сегодня, 8 октября 2024 г., на базе Центра повышения квалификации и переподготовки войск (ЦПКиПВ) в г.Оше состоялась торжественная церемония открытия III междведомственных соревнований кинологов.

Межведомственные состязания кинологов уже третий год проводятся при поддержке Программного офиса ОБСЕ.

Начальник ЦПК и ПВ полковник А.Абдылдаев, приветствуя участников соревнований, отметил необходимость взаимодействия силовых и правоохранительных ведомств республики, что позволит качественно выполнять поставленные задачи по обеспечению национальной безопасности.

В свою очередь Глава Программного офиса ОБСЕ в Бишкеке

 Посол А. Рогов подчеркнул: «Сегодняшние соревнования предоставляют нам прекрасную возможность продемонстрировать характер, профессиональное мастерство и накопленный опыт, целеустремленность и волю к победе. Совместная работа, взаимопонимание и обмен опытом — вот залог успешного противостояния вызовам и угрозам безопасности. Важно помнить, что безопасность одной страны напрямую влияет на стабильность в регионе в целом. И здесь межведомственное взаимодействие играет ключевую роль».

 В III межведомственных соревнованиях кинологов принимают участие 4 команды, которые представляют    Пограничную службу ГКНБ, Службу исполнения наказаний при Министерстве юстиции,  Государственную таможенную службу при министерстве финансов, Службу по борьбе с незаконным оборотом наркотиков МВД.

В состав команд входят капитаны команд и по 2 кинолога со служебными собаками, итого соревнуются 12 человек и 8 служебных собак.

 Соревнования  пройдут с 8 по 11 октября. Кинологам и служебным собакам предстоит состязаться в поиске наркотических средств  в багаже, грузовом транспорте,  легковом автотранспорте и в помещении. Последний этап соревнований называется «Послушание».

Далее участникам соревнований были продемонстрированы классы Центра повышения квалификации, отремонтированные и оборудованные при поддержке внебюджетного проекта Программного офиса ОБСЕ в Бишкеке.

Эти классы оборудованы современными техническими средствами, позволяющими проводить занятия в онлайн режиме.

Затем на базе войсковой части 2024 состоялась церемония закладки капсулы в фундамент будущего здания Кинологического центра Пограничной службы ГКНБ.

Новый Кинологический центр будет построен в рамках внебюджетного проекта Программного офиса ОБСЕ и Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики при поддержке международных партнёров.

Кинологический центр будет включать в себя несколько объектов: казарма и учебные классы для кинологов, вольеры, полоса препятствий и родильный и ветеринарный блоки для служебных собак.

Кроме того, в новом Кинологическом центре предусмотрены специальные помещения для проведения тренировочных и практических занятий со служебными собаками.

Новые здания будут соответствовать международным стандартам и вмещать 72 собаки.

Общая стоимость проекта по строительству Кинологического центра составляет 1 миллион евро.

Комментарии закрыты.