Баткен облусунун Лейлек районунда Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары эки күндүн аралыгында баасы болжол менен 1 900 000 сомду түзгөн аткезчилик жүктү кармашты.
2025-жылдын 9-январында Баткен облусунун Лейлек районунун Курук-Сай жергесинде чек ара кезмети Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунааны кармашып, анын айдоочусу Кыгрызстандан Тажикстанга 3 тонна майдаланган тоок этин жана болжол менен 300 кг. куйрук майын алып өтүүгө аракет кылган.
Айдоочуда – 2003-ж.т. Ж .уулу Т. аттуу Кыргызстандын жаранында, алып өтүп бараткан жүгүнө тийиштүү документтер болгон эмес.
Бүгүн, 2025-жылдын 10-январында, Достук-Мурас автожолунун тилкесинде Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары Лейлек ИИРБнын кызматкерлери менен биргеликте “Toyota Corolla” үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп, анда Тажикстандан Кыргызстанга алынып келинген аткезчилик жүктү кармашкан.
Автоунаанын айдоочусу — 1994-ж.т. С.Р. аттуу Кыргызстандын жараны Кыргызстандын аймагына болжолдуу баасы 1 500 000 сомду түзгөн сегиз куту электрондук тамекини документи жок алып кирген.
Тийиштүү протоколдор түзүлгөн соң кармалган жарандар жана аткезчилик жүктөр тийиштүү органдардын кызматкерлерине андан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.
***** ***** ***** ***** *****
В Лейлекском районе Баткенской области пограничники Лейлекского пограничного отряда в течение двух дней задержали контрабандные грузы стоимостью приблизительно 1 900 000 сомов.
Так, 9 января 2025 г. в местности Курук-Сай Лейлекского района Баткенской области пограничный наряд задержал автомашину марки Mercedes-Benz, водитель которой пытался незаконно вывезти из Кыргызстана в Таджикистан 3 тонны куриного фарша и около 300 кг. курдючного жира.
У водителя — гражданина Кыргызстана Ж. уулу Т., 2003 г.р., отсутствовали соответствующие документы на перевозимый груз.
Сегодня, 10 января 2025 г., на участке автодороги Достук-Мурас при попытке нелегального ввоза из Таджикистана в Кыргызстан контрабандного груза пограничники Лейлекского пограничного отряда задержали автомашину марки “Toyota Corolla”.
Водитель автотранспорта — гражданин Кыргызстана С.Р., 1994 г.р., завез на территорию Кыргызстана восемь коробок электронных сигарет стоимостью примерно 1 500 000 сомов без документов.
После оформления соответствующих протоколов задержанные граждане и контрабандные грузы были переданы сотрудникам соответствующих органов для дальнейшего разбирательства.