2025-жылдын 18-мартында чек арачылар УКМКнын жана ИИМдин Баткен облусундагы тарамдарынын кызматкерлери менен биргеликте 2 млн сомдук аткезчилик жүккө бөгөт коюшту.
Арка-2 айылында Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаа Кыргызстанга Тажикстандын аймагынан киргенин чек ара кезмети байкаган. Кыргызстандын жаранынын үйүнүн жанында токтоп айдоочу жүк түшүргөн.
Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте үйдү тинтүү учурунда ал жактан аткезчилик жүк — 994 кг жез жана 1419 кг микросхемалар табылган.
Аткезчилик жүктүн болжолдуу суммасы 2 000 000 сомду түзгөн.
Үйдүн ээси – 1987-ж.т. У.М. аттуу Кыргызстандын жараны кармалып, аткезчилик жүк менен бирге Лейлек РИИБнин кызматкерине андан аркы тиериштирүүлөр үчүн өткөрүлүп берилген.
***** ***** ***** ***** *****
18 марта 2025 г. пограничники совместно с сотрудниками территориальных подразделений ГКНБ и МВД по Баткенской области пресекли контрабандный груз на 2 млн. сомов.
Так, в с. Арка-2 пограничный наряд обнаружил автомашину Hyundai Porter, которая въехала в Кыргызстан с территории Таджикистана. Остановившись возле дома гражданина Кыргызстана, водитель выгрузил там груз.
В ходе обыска дома, проведенного совместно с сотрудниками ПОМ, в доме был обнаружен контрабандный груз — 994 кг. меди и 1419 кг. микросхем.
Приблизительная стоимость контрабандного груза составила около 2 000 000 сомов.
Хозяин дома — гражданин Кыргызстана У.М., 1987 г.р., был задержан и вместе с контрабандным грузом передан сотрудникам Лейлекского РОВД для дальнейшего разбирательства.