5 млн сомго жакынкы суммадагы аткезчилик тамеки чек арада кармалды

Аткезчилик жез жана микросхемалар кармалды
19.03.2025
Кыргыз-кытай чек ара тилкесиндеги өткөрүү пункттары убактылуу жабылат
02.04.2025

2025-жылдын 28-мартында кыргыз-казак чек ара тилкесинде жалпы наркы 4 775 000 сомду түзгөн тамекинин партиясы кармалган.

2025-жылдын 28-мартында КР УКМК Чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын «Токмок» чек ара заставасынын чек ара кезмети кызмат өтөө учурунда мамлекеттик чек арага жакын жерде Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа Казакстан тарапты көздөй багыт алып баратканын байкаган.

Транспорт каражатын токтотуунун жыйынтыгында 1998-ж.т. И.А.Н. жана 2000-ж.т. А.К.А. аттуу Кыргыз Республикасынын эки жараны кармалып, алар чек ара өтмөгүнөн тышкары жерден акциздик маркасы жок ORIS  жана OSCAR аталыштагы 187 куту тамеки өндүрүмүн Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз алып өткөнгө аракет кылышкандыгы аныкталган.

Алдын ала алынган маалыматка караганда аткезчилик тамекинин наркы 4 775 000 сомдон ашык болгон.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жарандар жана жүк компетенттүү органдардын кызматкерлерине андан аркы териштирүү ишери жүрүшү үчүн өткөрүлүп берилген.

***** ***** ***** ***** *****

28 марта 2025 г. на кыргызско-казахстанском участке границы задержана партия табачных изделий  стоимостью 4  775 000 сомов.

28 марта 2025 года во время несения службы пограничный наряд пограничной заставы «Токмок» Управления Пограничной службы ГКНБ КР по Чуйской области обнаружил вблизи госграницы автомашину марки Mercedes Benz Sprinter, направляющуюся в сторону Казахстана.

В результате остановки транспортного средства были задержаны два гражданина Кыргызской Республики: И.А.Н., 1998 года рождения, и А.К.А., 2000 года рождения, которые пытались нелегально вне пунктов пропуска вывезти из Кыргызстана в Казахстан 187 коробок табачных изделий ORIS  и OSCAR без акцизных марок.

По предварительным данным, стоимость контрабандных сигарет составляет более  4 775 000 сомов.

После оформления соответствующих документов задержанные граждане и груз были переданы сотрудникам компетентных органов для проведения дальнейшего разбирательства.

Комментарии закрыты.