Чек араны бузуу: Чүй дарыясында кармоо

Кыргыз-кытай чек ара тилкесиндеги өткөрүү пункттары убактылуу жабылат
02.04.2025
Кыргызстандын чек арачылары аткезчилик жол менен 100 аквариумдук таш башканын алынып өтүшүнө бөгөт коюшту
09.04.2025

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракетинин алдын алышты.

Чек арага жакын аймакта күзөт кылуу учурунда чек ара кезмети мамлекеттик чек ара тилкесине жакын жерде, Казакстан Республикасынын аймагында турган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны байкашкан.

Байкалган унаанын тушундагы чек ара тилкесине дароо келген чек арачылар Казакстандан Кыргызстанга Чүй дарыясы аркылуу өткөн аялды кармашкан.

Кармалган аялдын жанында өздүгүн тастыктаган документтери болгон эмес. Кармалган аялдын айтымында, ал 1985-жылы туулган У.М.Р. аттуу Өзбекстан Республикасынын жараны.  

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган аял андан ары териштирүү жүргүзүү жана окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракетинин кайсынысы болбосун бөгөт коюларын, ал эми бузуучу кармалып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

***** ***** ***** ***** *****

Пограничники Управления ПС ГКНБ КР по Чуйской области успешно пресекли попытку незаконного пересечения кыргызско-казахстанской государственной границы.

В ходе патрулирования приграничной территории пограничный наряд обнаружил автомобиль марки Mercedes-Benz, находящийся на территории Республики Казахстан, в непосредственной близости от линии государственной границы.

Незамедлительно выдвинувшись к участку границы напротив обнаруженного автомобиля, пограничники задержали женщину, которая пересекла границу вброд через реку Чу из Казахстана в Кыргызстан.

Задержанная не имела при себе документов, удостоверяющих личность. Со слов задержанной, она является гражданкой Республики Узбекистан, У.М.Р., 1985 года рождения.

После оформления необходимых документов задержанная была передана сотрудникам компетентных органов для проведения дальнейшего разбирательства и установления всех обстоятельств произошедшего.

Пограничная служба ГКНБ Кыргызской Республики напоминает, что любая попытка незаконного пересечения государственной границы будет пресечена, а нарушитель – задержан и привлечен к ответственности в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.

Комментарии закрыты.