Кыргызстандын чек арачылары аткезчилик жол менен 100 аквариумдук таш башканын алынып өтүшүнө бөгөт коюшту

Чек араны бузуу: Чүй дарыясында кармоо
08.04.2025

2025-жылдын 8-апрелинде “Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү  пунктунун чек арачылары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу ири партиядагы аквариумдук таш бакаларды алып өтүүгө аракет кылган жаранды кармашты.

Стандарттуу паспорттук көзөмөл процедурасы учурунда чек арачылар Кыргызстандан Өзбекстанга бараткан жарандын шектүү жүрүм-турумун байкашкан.

Текшерүү учурунда 1991-ж.т., С.М., аттуу Кыргызстандын жараны рюкзагына  полиэтилен баштыкка тирүүлөй 100 аквариумдук таш баканы салып алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталган. Кармалган жаран таш бакаларды бейтааныш адамдын өтүнүчү менен чек арадан алып өтүүгө алгандыгын билдирген.

Текшерүү учурунда ал жаранда жаныбарларды  чек арадан алып өтүүгө уруксат берүүчү доументтер жок экендиги аныкталган.

Кармалган жаран жана конфискацияланган таш бакалар андан аркы териштирүүлөр жүргүзүлүшү үчүн  жана Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде чара көрүлүшү үчүн тийиштүү компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.  

***** ***** ***** ***** *****

8 апреля 2025 г. пограничники КПП «Достук-автодорожный» задержали гражданина, пытавшегося незаконно провезти крупную партию аквариумных черепах через кыргызско-узбекскую государственную границу.

В ходе стандартной процедуры паспортного контроля пограничники обратили внимание на подозрительное поведение гражданина, направлявшегося из Кыргызстана в Узбекистан.

При досмотре выяснилось, что гражданин Кыргызстана С.М., 1991 г.р., пытался провезти в рюкзаке 100 живых аквариумных черепах, завернутых в полиэтиленовые пакеты. Задержанный признался, что получил черепах от неизвестного лица с просьбой перевезти их через границу.

В ходе проверки выяснилось, что у гражданина отсутствовали необходимые документы, разрешающие перевозку животных через границу.

Задержанный и конфискованные черепахи были переданы сотрудникам компетентных органов для дальнейшего разбирательства и принятия мер в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.

Комментарии закрыты.