Кыргызстандын чек арачылары Бишкектен жаңы батирлерди алышты

Кытай менен чектешкен чек арадагы өткөрүү пункттары убактылуу жабылат
26.05.2025
Встреча пограничников в Баткене
23.06.2025

2025-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын аскер кызматчыларына жаңы батирлердин ачкычтарын тапшыруу салтанаттуу аземи өттү. “Менин үйүм” турак-жай программасынын алкагында Маликов  көчөсү 91 дарегиндеги “Мурас Ордо” турак жай комплексинен 77 чек арачы батирлерди  алышты.

Салтанаттуу аземде сөз сүйлөгөн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиев бул иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгиледи: “Жаңы үйлөрдү жана батирлерди тапшыруу жөн эле ачкычтарды берип коюу эмес, бул сиздердин сиңирген эмгегиңиздерге жана Мекенди коргоодогу жан аябас кызматыңыздарга баа берүү. Сиздердин оңой эмес ишиңерди, чек ара кызматындагы орчундуу кыйынчылыктарды жеңип, ар күн сайын кайраттуу, ак ниет кызмат өтөп келе жатканыңарды мамлекет жогору баалайт”.

Аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн жашоосун жана турмуш тиричилик шартын жакшыртуу Министрлер кабинетинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин негизги маселелеринин бири. Акыркы беш жыл аралыгында 570тен ашык чек арачылардын үй-бүлөлөрү жаңы батирлерди алышты.

Быйылкы жылы дагы 100 үй-бүлө Баткен жана Ысык-Көл облустарында ак өргөлүү болушат. Жылдын аягына чейин дагы 60 чек арачы Бишкекте жаңы батирлердин бактылуу ээлери болушат. Мындан тышкары өлкөнүн бардык аймактарында «Менин үйүм» мамлекеттик программасынын алкагында үйлөрдүн курулушу активдүү жүрүп, чек ара ведомствосунун аскер кызматчылары дагы бул программанын катышуучулары болуп саналат.

Генерал-полковник К.К. Ташиев Кыргызстанда  эл аралык стандарттарга жооп берген аскердик инфраструктуранын курулушу активдүү жүрүп жатканын белгиледи. Чек ара инфраструктурасын жакшыртууга негизги каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнүүдө. Чек ара кызматы үчүн 60тан ашуун объекттер тургузулуп, дагы 30нун курулушу жүрүп жатат.

Ушул жылдын июнунда «Бөрү» атайын  багыттагы отряды үчүн курулган аскердик бөлүктун заманбап курулушу колдонууга берилет. Мунун бардыгы мамлекеттин коргонуу мүмкүнчүлүгүн модернизациялоодо олуттуу кадамдар.

***** ***** ***** ***** *****

11 июня 2025 г. в Бишкеке состоялась торжественная церемония вручения ключей от новых квартир военнослужащим Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики. В рамках жилищной программы «Мой дом» 77 пограничников получили квартиры в жилом комплексе «Мурас Ордо» по улице Маликова, 91.

Выступая на церемонии, заместитель Председателя Кабинета Министров — Председатель ГКНБ КР, генерал-полковник К.К. Ташиев, подчеркнул важность этого события: «Передача новых домов и квартир — это не просто вручение ключей, а признание ваших заслуг и самоотверженной службы по защите Родины. Государство высоко ценит ваш нелёгкий труд, преданность и мужество, с которыми вы ежедневно выполняете свой воинский долг, справляясь с колоссальными трудностями пограничной службы».

Создание комфортных условий для жизни и быта военнослужащих и их семей является одним из приоритетов Кабинета Министров и Государственного комитета национальной безопасности.

За последние пять лет более 570 семей пограничников уже получили новые квартиры. В этом году ещё 100 семей в Баткенской и Иссык-Кульской областях отметят новоселье. До конца года еще 60 пограничников в Бишкеке также станут счастливыми обладателями новых квартир. Кроме того, по всей стране активно ведётся строительство домов в рамках государственной программы «Мой дом», участниками которой являются и военнослужащие пограничного ведомства.

Генерал-полковник К.К.Ташиев, отметил активное строительство современной военной инфраструктуры в Кыргызстане, соответствующей международным стандартам. Основные средства на усовершенствование пограничной инфраструктуры выделяются из республиканского бюджета. Уже возведено более 60 объектов для Пограничной службы, и ещё 30 находятся в процессе строительства.

В июне этого года будут сданы в эксплуатацию совершенно новые сооружения войсковой части, построенные для отряда специального назначения «Бору». Это значительный шаг в модернизации обороноспособности государства.

Комментарии закрыты.