В г. Бишкеке проходит 11-е заседание руководителей пограничных служб компетентных органов государств-членов Шанхайской организации сотрудничества (ШОС).
В мероприятии принимают участие представители Республики Беларусь, Республики Индия, Исламской Республики Иран, Республики Казахстан, Китайской Народной Республики, Российской Федерации, Республики Таджикистан, Республики Узбекистан, Исламской Республики Пакистан и Исполнительного комитета РАТС ШОС, а также профильных партнерских структур СНГ.
Глав делегаций встретил первый заместитель председателя — директор Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики генерал-майор Абдикарим Алимбаев.
В повестке дня обсуждение обстановки на государственных границах государств-членов ШОС; итоги совместной пограничной операции «Солидарность – 2024», а также обсуждение мер по активизации сотрудничества пограничных служб компетентных органов государств-членов ШОС.
Открыл заседание Заместитель Председателя Кабинета Министров – председатель ГКНБ КР генерал-полковник К.К. Ташиев.
Приветствуя участников мероприятия, Заместитель Председателя Кабинета Министров – Председатель Государственного комитета национальной безопасности Кыргызской Республики генерал-полковник К.К. Ташиев подчеркнул эффективность ШОС как организации в укреплении безопасности и стабильности в Евразийском регионе с момента её создания.
Он особо выделил работу руководителей пограничных ведомств государств-членов ШОС, направленную на выработку единых подходов к обеспечению пограничной безопасности.
Генерал-полковник К.К. Ташиев отметил уникальную роль Кыргызской Республики в рамках ШОС: «Кыргызская Республика, расположенная в самом центре Евразии, является единственным государством-членом ШОС, не имеющим внешних границ. Это даёт нам уникальную возможность стать объединяющей и нейтральной площадкой для всех участников, включая наших наблюдателей. Мы готовы предоставить все условия для углубления диалога и укрепления сотрудничества в «Шанхайском духе»».
Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин чек ара кызматтарынын жетекчилеринин 11-отуруму өтүп жатат
2025-жылдын 10-июлу – Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин 11-жыйыны өтүүдө.
Иш-чарага Беларусь Республикасынын, Индия Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын жана ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмдүн Аткаруу комитетинин, ошондой эле КМШнын тиешелүү өнөктөш түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышууда.
Делегациялардын башчыларын Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору, генерал-майор Абдикарим Алимбаев тосуп алды.
Күн тартибинде ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик чек араларындагы кырдаалды талкуулоо; «Тилектештик – 2024» биргелешкен чек ара операциясынын жыйынтыктары, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын чек ара кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү боюнча чаралар талкууланды.
Отурумду Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник К. Ташиев ачты.
Иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник К. Ташиев ШКУ түзүлгөндөн бери Евразия аймагында коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоодо эффективдуу уюм экенин баса белгиледи.
Ал ШКУга мүчө-мамлекеттердин чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин чек ара коопсуздугун камсыздоо боюнча бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгууга багытталган иштерин өзгөчө баса белгилеп өттү.
Генерал-полковник К.К. Ташиев Кыргыз Республикасынын ШКУнун алкагындагы өзгөчө ролун белгиледи: » Кыргыз Республикасы Евразиянын так борборунда жайгашып, тышкы чек аралары жок ШКУдагы жалгыз мүчө мамлекет. Бул бизге бардык катышуучулар, анын ичинде биздин байкоочулар үчүн бириктирүүчү жана бейтарап аянтча болууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.
Биз диалогду тереңдетүү жана «Шанхай рухунда» кызматташтыкты бекемдөө үчүн бардык шарттарды камсыз кылууга даярбыз.»