В Чуйской области 1 августа 2025 г. состоялось торжественное открытие реконструированной пограничной заставы «Кемин». Расположенная в селе Нур Кеминского района на кыргызско-казахстанском участке государственной границы, эта застава стала первым объектом в северном регионе, где проведён капитальный ремонт и построены новые элементы инфраструктуры.
Реконструкция заставы «Кемин» подчёркивает изменение вектора в развитии пограничной инфраструктуры. Ранее основное внимание уделялось южному региону, где Пограничной службы ГКНБ КР уже возведено более 60 современных объектов, отвечающих всем актуальным требованиям безопасности. Теперь фокус смещается на северные регионы, обеспечивая комплексное укрепление всех рубежей страны, а именно первичного звена – пограничной заставы.
В церемонии сдачи и ввода в эксплуатацию пограничного комплекса «Кемин» приняли участие первый заместитель председателя – директор Пограничной службы ГКНБ КР генерал-майор Абдикарим Алимбаев, Полномочный представитель Президента в Чуйской области К. Джумагазиев, ветераны Пограничной службы и личный состав управления Пограничной службы ГКНБ КР по Чуйской области.
В своём выступлении генерал-майор А. Алимбаев отметил, что реконструкция пограничных объектов остаётся одним из ключевых приоритетов в рамках государственной программы по укреплению границ. Он подчеркнул значительные преобразования, произошедшие в ведомстве.
«Пограничная служба сегодня и буквально 5-6 лет назад – это совершенно разные структуры, – заявил генерал-майор А. Алимбаев. – Сегодня на вооружении ведомства мощные беспилотные летательные аппараты, высокотехнологичное вооружение и техника. Наши военнослужащие на юге несут службу в современных пограничных комплексах. Теперь же мы поэтапно переходим к улучшению условий службы в подразделениях северного региона. Застава «Кемин» – это наш первый объект в Чуйской области. В дальнейшем работы по строительству и капитальному ремонту пограничных застав в северном регионе будут продолжены».
Пограничная застава «Кемин» представляет собой новейший комплекс, обеспечивающий комфортные условия для служебно-боевой деятельности военнослужащих.
Пограничный комплекс оснащён основными и вспомогательными элементами инфраструктуры, включая современные казармы, служебные помещения, склады, банный комплекс, летнюю кухню, автобоксы, конюшню и вольеры для служебных собак. Для физической подготовки личного состава на территории заставы оборудованы строевой плац и спортивная площадка. Территория полностью благоустроена.
Средства на капитальный ремонт и благоустройство пограничного комплекса «Кемин» были выделены из республиканского бюджета.
Личный состав пограничной заставы «Кемин» отвечает за охрану примерно 200 км государственной границы. Большую часть этого участка (почти 90%) занимают горы, а оставшаяся часть — это равнинная местность и водная граница, пролегающая по реке Чу.
Реконструкция заставы «Кемин» является значимым шагом в укреплении национальной безопасности Кыргызстана и свидетельствует о целенаправленной работе Пограничной службы ГКНБ КР по созданию современной и эффективной пограничной инфраструктуры.
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2025-жылдын 1-августунда Чүй облусунда реконструкцияланган «Кемин» чек ара заставасынын салтанаттуу ачылышы болгонун маалымдайт. Кемин районунун Нур айылында жайгашкан кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги бул застава түндүк аймактагы капиталдык оңдоодон өтүп, инфраструктуранын жаңы элементтери курулган биринчи объект болуп калды.
«Кемин» заставасын реконструкциялоо чек ара инфраструктурасын өнүктүрүү векторунун өзгөрүшүн көрсөтөт. Буга чейин негизги көңүл түштүк аймагына бурулуп, КР УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан бүгүнкү күндө коопсуздуктун бардык талаптарына жооп берген 60тан ашык заманбап объектилер курулган.
Эми болсо өлкөнүн бардык чек араларын комплекстүү бекемдөөнү камсыз кылуу үчүн көңүл түндүк аймактарга, тактап айтканда, негизги звено – чек ара заставасына бурулууда.
«Кемин» чек ара комплексин тапшыруу жана пайдаланууга берүү аземине КР УКМК төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору генерал-майор Абдикарим Алимбаев, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Джумагазиев, Чек ара кызматынын ардагерлери жана КР УКМК Чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы катышты.
Өз сөзүндө генерал-майор А.Алимбаев чек ара объекттерин реконструкциялоо мамлекеттик чек араларды бекемдөө программасынын алкагындагы негизги артыкчылыктардын бири экендигин белгиледи. Ал ведомстводо болгон олуттуу жаңыланууларды баса белгилеп өттү.
«Чек ара кызматы бүгүнкү күндө жана дээрлик 5-6 жыл мурун такыр эки башка структуралар, — деди генерал-майор А.Алимбаев. — Бүгүнкү күндө ведомство кубаттуу учкучсуз учуучу аппараттар, жогорку технологиялык куралдар жана техника менен куралданган.
Биздин түштүктөгү аскер кызматчылар заманбап чек ара комплекстеринде кызмат өтөшөт. Азыр биз акырындык менен түндүк аймактагы бөлүктөрдө кызмат өтөө шарттарын жакшыртууга өтүп жатабыз.
«Кемин» заставасы — биздин Чүй районундагы биринчи объектибиз. Мындан ары да түндүк аймактагы чек ара заставаларын куруу жана капиталдык оңдоо иштери улантылат».
«Кемин» чек ара заставасы аскер кызматчыларынын күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүгү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзгөн заманбап комплекс болуп саналат.
Чек ара комплекси инфраструктуранын негизги жана көмөкчү элементтери менен жабдылган, анын ичинде заманбап казармалар, кызматтык бөлмөлөр, кампалар, мончо комплекси, жайкы ашкана, унаа бокстору, ат сарай жана кызматтык иттер үчүн жайлар бар. Заставанын аймагында өздүк курамды дене тарбия жактан даярдоо үчүн сап майдан жана спорт аянтчасы жабдууланган. Аймак толугу менен жашылдандырылды.
«Кемин» чек ара комплексин капиталдык оңдоого жана көрктөндүрүүгө каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн
«Кемин» чек ара заставасынын өздүк курамы 200 чакырымга жакын мамлекеттик чек араны кайтарууга жооптуу. Бул тилкенин басымдуу бөлүгүн (дээрлик 90%) тоолор ээлейт, калган бөлүгүн түздүк жана Чу дарыясын бойлой өткөн суу чек арасы түзөт.
«Кемин» заставасын реконструкциялоо Кыргызстандын улуттук коопсуздугун чыңдоодогу олуттуу кадам болуп саналат жана бул кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын заманбап жана эффективдүү чек ара инфраструктурасын түзүү боюнча максаттуу ишин көрсөтүп турат.