Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2025-жылдын 25-августунан тарта “Каркыра-автожол” көзөмөлдөө-өткөрүү пункту суткалык иштөө режимине өткөндүгүн маалымдайт.
Мындай чечимдин кабыл алынышы Казакстан Республикасынын Президенти Кыргызстандагы расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров менен жогорку деңгээлдеги эки тараптуу макулдашуунун жыйынтыгында мүмкүн болду. Бул макулдашуу эки өлкөнүн жетекчилигинин жакшы коңшулук мамилелекрди чыңдоого жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулууларын айгинелейт.
Жаңы иштөө режимине арналган салтанаттуу азем КӨПнун аймагында өттү. Иш-чарага эки өлкөнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү: кыргыз тараптан КР УКМК төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору генерал-майор А. Алимбаев, Ысык-Көл облусунун жетекчилиги катышты. Казакстан Республикасынын делегациясын Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын директорунун орун басары генерал-майор Т. Жунусов жетектеди.
Иш-чарага эки мамлекттин чек арага канатташ айылдарынын аксакалдары дагы катышты.
Салтанатта сөз сүйлөгөн КР УКМК төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору генерал-майор А. Алимбаев төмөндөгүлөрдү баса белгиледи: “Чек арада транспорттун, жүргүнчүлөрдүн каттамы туруктуу өсүп жаткандыгына байланыштуу өткөрүү пункттун күнү-түнү иштөө режимине өтүп жаткандыгы стратегиялык маанилүү кадам болуп саналат. Бул иш тартип чек арадан тоскоолдуксуз өтүүнү камсыздайт жана биздин өлкөлөрүбүздүн ортосунда туризмдин жана соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизет”.
Эки өлкөнүн делегациялары эки мамлекеттин көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарында болушуп, алардын ишмердиги менен таанышышты. Салтанат концерттик программа менен уланды.
“Каркыра-автожол” өткөрүү пункту Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан. Ал көп тараптуу, адамдарды жана тарнспорт каражаттарын өткөрүүгө багытталган.
Жакынкы келечекте, 2026-жылы “Каркыра-автожол” КӨП аймагында заманбап чек ара инфраструктуралык объектилердин курулушу мерчемделип, аны менен бул жактын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн, жалпы эле чек ара көзөмөл жүргүзүү деңгээлин жакшыртууга мүмкүн болоору күтүлүүдө.