«Ата-Бейит» комплексинде курман болгон аскер кызматчыларынын элесине таазим кылышты

В комплексе «Ата-Бейит» почтили память погибших военнослужащих
16.09.2025

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2025-жылдын 16-сентябрында “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2022-жылдын сентябрында болгон кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын үч жылдыгына арналган эскерүү митинги болуп өткөнүн маалымдайт.

Курман болгондорду эскерүүгө Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы генерал-полковник К.К Ташиев, КР УКМК төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын директору генерал-майор А.К. Алимбаев, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери, ардагерлер жана УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамы катышты.

Митинг-реквием жоокерлердин түбөлүк жайына гүлчамбар коюу менен башталды. Аларга багышталып куран окулуп, андан соң иш-чаранын катышуучулары курман болгондорду бир мүнөт үн катпай эскеришти.

Курман болгон аскерлердин эрдиги Кыргызстандын тарых барагына түбөлүккө жазылып калды.

Быйыл, 28-майда, мамлекеттик чек араны коргоп жатып курман болгон аскерлердин урматына тургузулган эстеликтин ачылыш аземи өткөн.

Жаңы монумент тынчтыктын баасы канчалык жогору экенин эске салат жана Кыргызстандын коопсуздугу үчүн өмүрүн берген баатырларга арналып тургузулган.

Гранит такталарга 2000-жылдан бери болуп келген куралдуу кагылышууларда каза болгон 59 аскер кызматкеринин ысымдары жазылган. Алардын ичинен 50сү чек арачылар болду.

Чек ара сакчыларынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында өлкөбүздүн көз карандысыздыгы жана аймактык бүтүндүгү үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалган төрт чек арачы “Ата-Бейиттин” аймагында жерге берилген.

Курман болгон баатырларды эскерүүгө арналган иш-чаралар бүгүн Кыргызстандын Чек ара кызматынын бардык облустук башкармалыктарында өттү.

Комментарии закрыты.