Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын курама командасы — волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын Кубогунун чемпиону!

Сборная команда Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики — чемпион Кубка Кыргызской Республики по волейболу!
24.09.2025
Пункты пропуска на границе с Китаем будут временно закрыты
30.09.2025

2025-жылдын 24-сентябрында Нарын шаарында, заманбап «Газпром» спорт комплексинде Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясы эркектер арасындагы Кыргыз Республикасынын Кубогуна арналган абройлуу турнирди өткөрдү.
Мелдешке өлкөнүн эң күчтүү 7 жамаат катышып, анын ар бири өз мекемесин татыктуу көрсөтө алды. Спорттук майрамдын атмосферасы толкундануу сезимдерге чыңалып, кызыктуу таймаштар күйөрмандарга жаркын эмоцияларды жана унутулгус таасирлерди тартуулады.
Турнирдин кульминациясы Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын курама командасы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин командасынын ортосундагы финалдык беттеш болду. Өжөрлүк жана чыңалуу менен өткөн таймашта чек арачылар жеңишке болгон эркин, жогорку биримдикти жана чеберчиликти көрсөтүп, 3:1 эсебинде татыктуу жеңишке жетишти.

1-орун — Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын курама командасы
2-орун — Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин командасы
3-орун — Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин курама командасы
Кыргыз Республикасынын Кубогунун чемпиону деген наамды Чек ара кызматынын курама командасы татыктуу ээледи. Бул триумф чек арачылар кызматтык ишмердикте гана эмес, чыдамкайлыкты, командалык духту жана мыктылыкка умтулууну талап кылган спорттук аренада да күчтүү экендигин ачык айгинелешти.
Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматы спорттун ар кыл түрлөрүндө жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, мекеменин имиджин тартиптүү, максаттуу жана жеңишке умтулган команда экенин бекемдеп келет.

Комментарии закрыты.