Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

Пункты пропуска на границе с Китаем будут временно закрыты
30.09.2025

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пункттарынын (КӨП) иштөө режими убактылуу өзгөрөт.

​Кытай Эл Республикасында «КЭРдин түзүлгөн күнү» жана «Күз ортосу майрамы» майрамдалышына байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен «Торугарт-автожол» КӨП жана «Иркештам-автожол» КӨП аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.

​Жогоруда аталган өткөрүү пункттарынын убактылуу жабылышы бардык категориядагы трафиктер үчүн төмөнкүдөй күндөрү күчүндө болот:

​- 2025-жылдын 1-октябрынан 3-октябрын кошо алганда.

​- 2025-жылдын 6-октябрында.

​Өзгөчө өткөрүү режими: 2025-жылдын 4чү жана 5-октябрында жүк ташуучу транспорт каражаттарын жана товарларды тариздөө, өткөрүү процедуралары гана жүргүзүлөт. Бул күндөрү жеке жактарды тариздөө жүргүзүлбөйт.

​Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү «Иркештам-автожол» жана «Торугарт-автожол» КӨП аркылуу штаттык режимде өткөрүү 2025-жылдын 7-октябрында кайрадан жанданат.

​Жарандардан жана жүк ташуучулардан өз маршруттарын алдын ала пландаштырып, Кыргыз Республикасынын КЭР менен чектешкен мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө бул маалыматты эске алууну өтүнөбүз.

Комментарии закрыты.