Бүгүн, 10-октябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын Борбордук аппаратынын жаңы административдик имаратынын пайдубалына капсула коюу аземи болуп өттү.
Иш-чарага КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары —УКМКнын төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиев, Чек ара кызматынын өздүк курамы жана ардагерлери катышты.
Капсула коюу аземи жаңы комплекстин курулуш иштеринин башаты болуп, ал Чек ара кызматынын инфраструктурасын жакшыртууда жана кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө маанилүү объект болмокчу. Имарат Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунун аймагында курулат.
Жаңы административдик комплекс негизги 4 кабаттуу имараттан жана бир катар кошумча объектилерден — спорт зал, көзөмөл-өткөрүү пункттары жана унаа токтотуучу жайлардан турат.
Долбоордо жети административдик блок каралган, анда кызматтык кабинеттер, конференц-залдар, музей, ашкана, ошондой эле тренажёрдук зал жана кесиптик тир жайгашат.
«Биз жөн гана имарат эмес — заманбап, жогорку технологиялуу жана ыңгайлуу комплекс куруп жатабыз. Ал Чек ара кызматынын ишмердигинин эффективдүүлүгүн жогорулатууга, аскер кызматчылары үчүн мыкты шарттарды түзүүгө жана коопсуздук менен коргонуу жаатында мамлекеттик жана эл аралык түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга өбөлгө болот», — деп белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары – КР УКМК төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиев.
Жаңы штаб-квартирада аскер кызматчыларынын дене тарбия даярдыгына да өзгөчө көңүл бурулат: бул жерде волейбол, мини-футбол жана баскетбол ойноого ылайыкталган универсалдуу аянтча, тренажёрдук зал жана кесиптик тир курулат.
Долбоор 2027-жылдын 28-майында аяктайт жана ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздугун чыңдоодогу маанилүү кадам болмокчу.