КМШнын чек ара ведомстволорунун башчылары Кыргызстанда жолугушту

Главы погранведомств СНГ встретились в Кыргызстане
30.10.2025
Итоги 91-го заседания глав погранведомств СНГ
30.10.2025

2025-жылдын 30-октябрында Манас шаарында Россия Федерациясынын ФКК директорунун биринчи орун басары – Чек ара кызматынын жетекчиси армиянын генералы Владимир Кулишовдун төрагалыгы алдында КМШга мүчө мамлекеттердин Чек ара аскерлеринин колбашчыларынын кеңешинин (ЧАКК) 91-отуруму өтүп жатат.

Отурумга Азербайжан Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын,  Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстан жана Өзбекстан Республикасынын чек ара ведомстволорунун делегациялары катышууда.

Мындан тышкары, иш-чарага ЧАККтын Координациялык кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын, ЖККУнун, ШКУнун өз ара кызматташкан түзүмдөрүнүн жана Чек ара кызматынын ардагерлеринин эл аралык союзунун жетекчилери жана расмий өкүлдөрү катышууда.

Бул отурумда Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасы менен чектеш Тажикстан Республикасынын чек арага канатташ аймактарынын — Тоолуу-Бадахшан автономдук облусунун жана Согди облусунун жетекчилеринин катышуусуна  өзгөчө көңүл бурулду. Алардын катышуусу чек арага канатташ облустар чек ара коопсуздугун бекемдөө маселелерине жана аймактык деңгээлде мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга кызыктар экендигин айгинелейт.

Отурумду ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев КМШ өлкөлөрү үчүн жамааттык коопсуздукту камсыздоодо бул иш-чара маанилүү экендигин белгиледи. Өз сөзүндө ал тышкы чек араларды коргоо жаатында биргелешкен күч-аракеттер жана тажрыйба алмашуу эффективдүү жана бирдиктүү коопсуздук стратегиясын иштеп чыгууга негиз болоорун  баса белгиледи.

«Сырткы коопсуздукка коооптонуу бизден ыкчам реакцияны гана эмес, өлкөлөрүбүздүн тышкы чек араларында туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо үчүн узак мөөнөттүү пландаштырууну да талап кылган глобалдуу өзгөрүүлөр доорунда жашап жатабыз», — деп билдирди генерал-полковник К.К. Ташиев. Ошондой эле ал маалымат алмашуу жаатында, транс улуттук кылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүүдө жана чек ара ведомстволорунун кадрдык потенциалын кеңейтүү маселелесинде санариптештирүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Мындан тышкары, Камчыбек Ташиев коопсуздукка  жаңы чакырыктар  кооптуу болуп жаткан учурда аткезчиликке каршы күрөшүүдө, ошондой эле киберчабуулдар жана мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюуда учкучсуз  учуучу аппараттардын колдонулушу адистерди даярдоо жаатындагы кызматташтыкка көңүл бурдурду. Ал кыргыз элинин биримдигинин жана эркиндигинин символу болгон Манас шаары КМШ өлкөлөрүнүн жалпы чек араларындагы туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөгө багытталган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн эң ылайыктуу аянтча экенин баса белгиледи.

Катышуучуларга салам сөзүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев да жолдоду. Ал КМШ ЧАКК 91-отурумунун катышуучуларын кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугу үчүн сыймыктанарын билдирди жана Тажикстандын чек арага жакын аймактарынын өкүлдөрүнүн отурумга катышуусу отурумга өзгөчө маанилүүлүктү берип, коңшулук мамилелерди чыңдоого жана коопсуздук жаатындагы стратегиялык кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

«Жалал-Абад облусу — өлкөлөрүбүздү бириктирген маанилүү соода-экономикалык багыттар өтүүчү артыкчылыктуу  аймак. Бүгүнкү жыйындын жыйынтыктары биздин жалпы чек араларда ишенимди, тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоого маанилүү кадам болот деп ишенем», — деп кошумчалады президенттин өкүлү.

Жыйындын күн тартибинде отурумдун катышуучулары КМШ мамлекеттеринин тышкы чек араларындагы абалды жана анын өнүгүү тенденцияларын кабарлаган докладдарды, Чек ара аскерлеринин колбашчылар кеңешинин 2025-жылдагы ишмердигинин жыйынтыктарын  жана 2026-жылга карата коюлган тапшырмаларды угушат. Ошондой эле илимий-изилдөө жана билим берүү ишмердиги, биргелешкен операциялардын натыйжалуулугун жогорулатуу, терроризм, баңгизат трафиги жана кибер коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча маселелер каралат.

Комментарии закрыты.