
2025-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Манас шаарында Чек ара аскерлеринин колбашчыларынын кеңешинин төрагасы, Россиянын ФКК директорунун биринчи орун басары – Чек ара кызматынын жетекчиси армиянын генералы Владимир Кулишовдун жетекчилигинде ЧАКК 91-отуруму өттү.
Иш-чарага КМШга мүчө мамлекеттердин сегиз чек ара ведомствосунун (Азербайжан Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан жана Өзбекстан Республикасы), ЧАКК Координациялоо кызматынын делегациялары, КМШнын өз ара кызматташкан органдарынын, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгынын, ШКУнун Аткаруу комитетинин Аймактык антитеррордук түзүмүнүн жана Чек ара кызматынын ардагерлеринин коомдук бирикмелеринин эл аралык союзунун жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.
Алгачкы ирет отурумдун ишине Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек арага чектеш аймактарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жетекчилери катышкандыгы алардын чек ара коопсуздугун бекемдөөгө жана конструктивдүү көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон умтулуусун айгинелейт.
Отурумдун башында катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К. Текебаев жана КМШнын Аткаруу комитетинин коопсуздук жаатында кызматташуу боюнча департаментинин директору генерал-майор Е.А. Клемезь саламдашуу сөздөрү менен кайрылышты.
Отурумда КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларындагы учурдагы жагдай талдоого алынды жана чек ара коопсуздугун бекемдөөгө багытталган кошумча чаралар аныкталды. Бул маселе боюнча ЧАКК Координациялоо кызматынын төрагасы генерал-полковник А.Л. Манилов баяндама жасады.
Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин чек ара ведомстволорунун, КМШнын Антитеррордук борборунун, уюшкан кылмыштуулук жана башка кооптуу кылмыш түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо бюросунун, ШКУнун Аймактык атитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин жетекчилери маалымат менен чыгышты.
ЧАКК 2025-жылдагы ишмердигинин жыйынтыгын чыгарып, кезектеги мезгилге карата тапшырмаларды, анын ичинде биргелешкен атайын чек ара операцияларын уюштуруу жана өткөрүү боюнча пландарды аныктады.
Мындан тышкары, Колбашчылардын кеңешинин мүчөлөрүнүн көңүл борборунда мамлекеттер аралык автоматташтырылган маалымат алмашуу системасын өркүндөтүү, биргелешкен илимий-изилдөө ишмердүүлүк жана кадрларды даярдоо маселелери турду.
Чек ара аскерлеринин колбашчыларынын кеңешинин чечими менен КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларын кайтарууда жана коргоодо өзгөчөлөнгөн аскер кызматчылары сыйланды.
Отурумдун жыйынтыгында Шериктештиктин тышкы чек араларындагы чек ара коопсуздугун мындан ары бекемдөөгө жана көп тараптуу чек ара кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган жыйырма эки чечим кабыл алынды.
ЧАККтын Координациялоо кызматынын басма сөз кызматы





