Чек арачылар Тажикстан менен чектешкен чек арада бодо малдын мыйзамсыз алынып өтүшүнө бөгөт коюшту

Пограничники пресекли незаконное перемещение КРС на границе с Таджикистаном
19.11.2025

2025-жылдын 18-ноябрында болжол менен саат 20:40 чамасында Лейлек чек ара отрядынын «Кулунду» чек ара заставасынын өздүк курамы тарабынан Папалин жергесинин аймагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу ири мүйүздүү малды мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюлду.

Чек ара кезмети төрт буканы Тажикстанга мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Раззаков айылынын 1987-ж.т. Т.М., аттуу  тургунун кармаган. Мыйзам бузуучу  мамлекеттик чек ара сызыгынан болжол менен 40 метр алыстыкта, Кыргызстандын аймагында кармалган.

Ошондой эле 2025-жылдын 19-ноябрында Лейлек чек ара отрядынын «Кайрагач» чек ара заставасынын жоопкерчилигендеги Курук-Сай жергесинин аймагында чек ара кезмети кароосуз калган аттарды аныктаган.

Түнкү саат 02:30 чамасында мамлекеттик чек ара сызыгынан 150–200 метр аралыкта, Кыргыз Республикасынын аймагында, коштоочусу жок турган төрт баш жылкы (1 бээ жана 3 тай) табылган. Алардын мыйзамсыз аракеттерде колдонулушу мүмкүн болгон тобокелчилик эске алынып, жаныбарлар кармалып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Жогорудагы эки факт боюнча тиешелүү документтер толтурулган соң  кармалган Кыргыз Республикасынын жараны жана мал-жандык мындан аркы териштирүүлөр жүргүзүлүшү үчүн укук коргоо органдарына тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы чек ара аймактарында мыйзамсыз аракеттерге, анын ичинде бодо малды жана майда жандыктарды өлкөдөн мыйзамсыз чыгарууга жол бербөө үчүн комплекстүү иш-чараларды көрүүнү улантып келет жана чек ара мыйзамдарын так сактоонун зарылдыгын эскертет.

Комментарии закрыты.