Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасында жүрүү тартибине карата 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирген жаңы эрежелер жөнүндө

Чек арачылар Тажикстан менен чектешкен чек арада бодо малдын мыйзамсыз алынып өтүшүнө бөгөт коюшту
19.11.2025
О новых правилах пребывания граждан Республики Казахстан в Кыргызской Республике с 1 сентября 2025 года
04.12.2025

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы №541 токтому менен бекитилген «Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө» жобого ылайык, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып Казакстан Республикасынын жарандары үчүн жаңыланган эрежелер күчүнө киргендигин маалымдайт.

Негизги өзгөртүүлөр:

* Визасыз жүрүү  мөөнөтүн эсептөө тартиби.

2025-жылдын 1-сентябрынан  баштап Казакстан Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын аймагында ар бир 180 күндүн ичинде өлкөгө кирген биринчи күндөн тарта жалпы жыйындысы 90 күнгө чейин жүрө алышат. Бул эл аралык практикада кеңири колдонулган принцип жана ал миграциялык процесстерди тартипке келтирүүгө багытталган.

* Жайгашкан жер боюнча катталуу.

Казакстандын жарандары Кыргызстанда алгачкы 30 күн ичинде каттоодон өтүүдөн бошотулат. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашык калууну пландаштырганда, каттоодок өтүү милдеттүү болуп саналат.

* Кыргызстандын аймагында белгиленген мөөнөттөн ашык жүрүү үчүн жоопкерчилик.

Эгерде Кыргызстандын аймагында каттоосуз 90 күндөн ашык жүргөн учур катталса, анда кийинки жолу Кыргызстанга кирүүгө 90 күнгө чектөө коюлат.

* Кыргызстандын аймагында жүрүү мөөнөтүн узартууга негиздеме.

Кыргыз Республикасында мыйзамдуу жүрүү мөөнөтүн төмөнкү документтердин негизинде узартууга мүмкүн:

➢ жайгашкан жери боюнча каттоо;

➢ жашоо уруксаты;

➢ убактылуу жашоого уруксат;

➢ «Кайрылман» макамы;

➢ «Мекен-карт»;

➢ «Резидент-карт»;

➢ ошондой эле КР катышуучу болгон эл аралык келишимдерде каралган башка документтер.

Комментарии закрыты.