Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын 2022-жылдын 25-сентябрындагы №42 Протоколун жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын жана Тажикстан Республикасынын УКМК Чек ара аскерлеринин жумушчу топторунун жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча БИРГЕЛЕШКЕН БИЛДИРҮҮ

«Ак-Тилек-автожол» КӨЖ адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат
15.04.2024
На КПП «Каркыра-автодорожный» зафиксированы сбои в работе ЕСУВМ
25.04.2024

Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын 2022-жылдын 25-сентябрындагы №42 Протоколун жүзөгө ашырууга 2024-жылдын 15-апрелинде Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Гулистон шаарында Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору генерал-майор Шаршеев Уларбек Зарлыковичтин, Тажикстан Республикасынын УКМК Чек ара аскерлеринин колбашчысы генерал-полковник Раджабали Рахмоналинин, Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаев Абдикарим Карбековичтин, Тажикстан Республикасынын Согди облусу боюнча төрагасы Раджаббой Ахмадзоданын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын чек арага канатташ аймактарынын укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда жолугушуу өттү.   

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын чек арага канатташ аймактарында жагдайды турукташтыруу жөнүндө №42 протоколдун жүзөгө ашырылышын, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатында биргелешкен ишмердүүлүктү координациялоо маселелерин талкулашты.

Жолугушуу ачык, достук жана конструктивдүү маанайда өттү.

Чек ара коопсуздугун камсыздоодогу кызматташтыктын  өнүгүүсүн жана эки республиканын өз ара аракеттеринин активдүү динамикасын, ошондой эле акыркы убактарда жетишкен эки тараптуу диалогдун жогорку деңгээлин тараптар белгилеп өтүштү.

 Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын ортосундагы конструктивдүү  жана өз ара пайдалуу кызматташтык эки мамлекеттин элинин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берип, тынчтыкты, туруктуулукту жана биздин өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыздоодо негизги фактор болуп берет деген ишенимди билдиришти.                                                                                                                                                                         Ошондой эле чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин жумушчу топторунун  протоколодорунун жүзөгө ашырылышы  маселелери боюнча тараптар пикир алмашышты. Бул контекстте жетишкен макулдашууларды жүзөгө ашыруудагы алга жылыштарда ар бири өз милдеттерин ырасташты.

№42 протоколдогу пункттарды аткаруу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашырууга багытталган тараптардын  чек ара өкүлчүлүк аппараттарынын жана компетенттүү органдарынын ишмердүүлүгүнө жогорку баа берилди.

Кыргыз-тажик мамилелеринин  мындан аркы өнүгүүсү жана тереңдеши, жетишкен макулдашуулар өз убагында жана толук жүзөгө ашырылышынын камсыз кылынышы, ошондой эле чек ара коопсуздугун камсыздоо жаатында өз ара аракеттердин кеңеиши маанилүү экендиги белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар тиешелүү протоколго кол коюшту.

***** ***** ***** ***** *****

15 апреля 2024 г. в городе Гулистон Согдийской области Республики Таджикистан состоялась встреча рабочих групп Кыргызской Республики и Республики Таджикистан по реализации протокола №42 от 25 сентября 2022 года с участием первого заместителя председателя — директора Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики генерал-майора Шаршеева Уларбека Зарлыковича, командующего пограничными войсками ГКНБ Республики Таджикистан генерал-полковника Раджабали Рахмонали, полномочного представителя Президента в Баткенской области Алимбаева Абдикарима Карбековича, председателя Согдийской области Республики Таджикистан Раджаббой Ахмадзоды, а также руководителей правоохранительных органов и приграничных районов Баткенской области Кыргызской Республики и Согдийской области Республики Таджикистан.

На встрече стороны обсудили вопросы реализации протокола № 42 о стабилизации ситуации на приграничных территориях Кыргызской Республики и Республики Таджикистан, а также вопросы координации совместной деятельности в сфере охраны кыргызско-таджикской государственной границы.

Встреча прошла в открытой, дружественной и конструктивной атмосфере.

Стороны отметили активную динамику развития сотрудничества и взаимодействия двух республик в обеспечении пограничной безопасности, а также достигнутый за последнее время высокий уровень двустороннего диалога.

Выразили убежденность в том, что конструктивное и взаимовыгодное сотрудничество между Кыргызской Республикой и Республикой Таджикистан отвечает долгосрочным интересам народов двух государств, а также является ключевым фактором в обеспечении мира, стабильности и безопасности наших стран.

Стороны также обменялись мнениями по вопросу реализации протоколов рабочих встреч руководителей пограничных ведомств. В этом контексте подтвердили свои обязательства по достижению прогресса в реализации достигнутых договоренностей.

Высоко оценили деятельность погранпредставительских аппаратов и компетентных органов сторон, направленную на реализацию комплекса мероприятий по исполнению пунктов протокола №42.

Подчеркнули важность дальнейшего расширения и углубления кыргызско-таджикских отношений, обеспечения своевременной и полной реализации достигнутых договоренностей, а также расширения взаимодействия в сфере обеспечения пограничной безопасности.

По итогам встречи стороны подписали соответствующий протокол.

Комментарии закрыты.