ТҮБӨЛҮКТҮҮ ДАҢК!

Вечный дозор!
19.09.2022
Вместе мы едины
20.09.2022

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын жетекчилиги жана өздүк курамы оор жана орду толгус жоготууга учурады.
 

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган куралдуу агрессияда Мекенбизди, Баткен жана Ош облустарынын  жай тургундарын коргоп жатып Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери каза тапты.
 
Манас атабыздын эр жүрөк урпактары Аскердик антка бек туруп, аларга коюлган тапшырманы ар намыстуулук менен аткарышты — душманды Кыргызстандын аймагына киргизишпей, дагы бир ирет чек арачылар өлкөбүздүн ишенимдүү калканы экендигин далилдешти.
 
Алар өз өмүрүндө Ата-Журтка ак ниет кызмат кылуу жолун тандашып, көп улуттуу элибиздин коопсуздугуна,  эркин жашоо укугуна жан үрөп келишкен.
 
Атылган октон алоолонгон өттү көкүрөгү менен тосуп, эч нерседен коркпогон бул жоокерлер согуштук кырдаалда баатырдык жана эрдик көрсөтүштү. 
 
Кагылышта  биздин уул, ага-ини, ата болгон жоокерлер, сержанттар, прапорщиктер жана офицерлер курман болушту.
 
Кыргызстандын  эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоо үчүн алар бардык күчүн жумшоого, керек болсо өз өмүрүн да курмандыкка чалууга даяр экендигине алардын ар бири  качандыр бир убакта ант беришкен эле, ошол антка бек туруп Түбөлүктүү күзөткө кетишти!
 
Курман болгон күжүрмөн жолдоштордун жаркын элестери кесиптештеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
 
Алардын ысымдары Чек ара кызматынын тарыхый барактарына жазылат.
 
Эч бир жоошуткан сөздөр орду толгус жоготуунун  күйүтүн азайта  албайт.   Курман болгондордун алдында биз баарыбыз карыздарбыз. 
 
Баатырларга түбөлүктүү даңк! Чек арачы-баатырларга түбөлүктүү даңк!
 
Алардын туугандарына жана жакындарына  терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын жана кайгысын тең бөлүшөбүз.
 
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын
жетекчилиги жана өздүк курамы

Комментарии закрыты.