Ошто жогорку билими бар жоокерлерге биринчи офицердик наамын ыйгаруу салтанаттуу аземи болуп өттү

В Оше присвоили офицерское звание военнослужащим, имеющим высшее образование
27.10.2022
Гражданин Ирана пытался въехать в Кыргызстан по поддельному паспорту
27.10.2022

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 27-октябрында  КР УКМКнын Чек ара кызматынын Квалификацияны жогорулатуу жана аскер кызматчыларын кайра даярдоо борборунда   жогорку билими бар жоокерлерге “запастагы лейтенант” биринчи офицердик наамын ыйгаруу салтанаттуу аземи болуп өткөндүгүн маалымдайт.

       Бул иш-чара Чек ара кызматынын Ош облусунда жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн жетекчилери, жогорку билими бар жоокерлердин жакындары жана туугандары, ошондой эле Квалификацияны жогорулатуу жана аскер кызматчыларын кайра даярдоо борборунун жетекчилигинин жана өздүк курамынын катышуусунда өттү.

       Былтыркы жылы күзүндө  аскерге чакырылган жогорку билимдүү 70 ге жакын  жоокерлер  чек аранын бөлүмчөлөрүндө  кызмат өтөшкөн.  “Лейтенант” офицердик наамын алаардан  мурда алар бир ай бою   “взвод командири” кызмат ордундагы ишмердүүлүгүндө керектелүүчү практикалык жана теориялык билимди жана ыкмаларды өздөштүрүп, аталган кызмат орундун күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү иш-аракеттер, кызмат өтөөсүнүн кошумча багыттары жана ыкмалары менен таанышышты.

       Өткөрүлгөн жыйын максатына жетип, аскер кызматкерлер тынч жана согуш мезгилиндеги күжүрмөн аракеттер кандай жүрөөрүн, тарамдарды башкарууну, аскердик кызмат жана тарбия иштерин уюштура билүүнү, курал-жарак жана аскердик техникаларды пайдалана билүүнү, аларды сактоо эрежелерин окуп үйрөнүп, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Уставдагы талаптарын толук кандуу өздөштүрүштү.         Квалификацияны жогорулатуу жана аскер кызматчыларын кайра даярдоо борборунун башчысы полковник Таалайбек Кожошев бүгүнкү салтанаттуу аземдин күнөөкөрлөрүн куттуктап, аларга акыл-насаатын, каалоо-тилектерин айтты. “Аскер кызматында жүргөн ар бир күнүңөр текке кеткен жок деген ишеничтемин. Себеби Сиздердин бул жерден алган билимиңер мындан аркы келечек сапарыңарда кесип тандоодо сөзсүз түрдө өз үзүрүн көрсөтөт. Аскер кызматкерлерине таандык болгон бекем тартип, тыкандык, жоопкерчиликти сезе билүү, чечкиндүү болуу сапаттары ар бир адамдын кадырынын жогорулашына өбөлгө болот. Ар бириңиздердин келечегиңер өз колуңарда. Бул жакта өздөштүргөн билим, тажрыйба Сиздерге чоң келечекке жол ачып берет деген үмүтүм чоң. Мекенибиздин жаркын келечеги, өсүп өнүгүшү үчүн ар бириңер олуттуу салым кошосуңар деп ишенем. Биз сыймыктанчу Мекен уулдары болгула деп тилейм. Сапарыңар байсалдуу болсун!”- деп өз сөзүн жыйынтыктады.

Комментарии закрыты.