Произошел инцидент между жителями приграничных районов КР и РТ

Информация о перестрелке на госгранице с Республикой Таджикистан не соответствует действительности
24.07.2023
Обстановка на кыргызско-таджикской госгранице по состоянию на 25 июля
25.07.2023

24 июля 2023 г. на кыргызско-таджикском участке государственной границы произошел инцидент между жителями приграничных районов.

Граждане Кыргызской Республики жители села Ак-Сай Д.Ж. и Д.А. направлялись на личном автомобиле по автодороге Ак-Сай – Кок-Таш.

В это же время по дороге ехала колонна из 8 машин, принадлежащих гражданам Таджикистана и направлявшихся из анклава Ворух (РТ) в  село Ходжаи-Аало.

Граждане Таджикистана на своих машинах пытались подсечь автомашину граждан Кыргызстана.

Вследствие чего в местности Дача между вышеуказанными гражданами Кыргызстана и  Таджикистана произошла драка.

С целью недопущения эскалации конфликта на место прибыл сотрудник территориального подразделения МВД Кыргызстана.

Однако, когда он подъезжал к месту инцидента, граждане Таджикистана – жители села Ходжаи-Аало напали на него.

Сотруднику МВД Кыргызстана удалось выехать оттуда, однако граждане Таджикистана пытались избить его, а также разбили зеркало заднего вида его автомобиля.

В настоящее время проводятся переговоры пограничных представителей Кыргызстана по Баткенскому участку и Таджикистана по Исфаринскому участку.

Силовые структуры и правоохранительные органы Кыргызской Республики проводят мероприятия по стабилизации обстановки на кыргызско-таджикском участке госграницы.

Пограничная служба ГКНБ Кыргызской Республики призывает граждан не поддаваться панике, а уточнять всю информацию у государственных органов.

2023-жылдын 24-июлунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек арага канатташ аймактардын тургундары ортосунда чыр-чатак чыккан.

Кыргыз Республикасынын жарандары Ак-Сай айылынын тургундары Д.Ж. жана Д.А. жеке автоунаада Ак-Сай — Көк-Таш жолунда бара жатышкан.

Ушул эле убакта ушул жол менен Тажикстандын жарандарына таандык 8 автоунаадан турган колонна Ворух (ТР)  анклавынан Ходжаи-Аало айылына бараткан. 

Тажикстандын жарандары өзүнүн унаалары менен  Кыргызстандын жарандарынын автоунаасынын жолун кесишкен.

Мунун кесепетинен Дача жергесинде жогоруда аталган Кыргызстандын жарандары менен  Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыккан. 

Чыр-чатак күчөп  кетпеши үчүн  окуя болгон жерге Кыргызстандын ИИМнин аймактык бөлүмүнүн кызматкери келген.

Бирок ал кызматкер окуя орун алган жерге келгенинде Тажикстандын жарандары — Ходжаи-Аало  айылынын тургундары ага кол салышкан.

Кыргызстандын ИИМнин кызматкери ал жерден качып чыкканга жетишкен, Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылышып, автоунаанын артты көрсөткөн күзгүсүн сындырышкан.

Учурда Кыргызстандын Баткен тилкеси боюнча жана Тажикстандын Исфара тилкеси боюнча чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын бардык күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдайды турукташтыруу үчүн тийиштүү чараларды көрүшүүдө.

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы жарандарды дүрбөлөңгө түшпөй, бардык маалыматты мамлекеттик органдардан тактоого үндөйт.

Комментарии закрыты.