2023-жылдын 1-сентябрынан баштап Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жарандары жалпы жарандык паспорт (чет элдик) менен катар эле ID-карта менен да кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын кесип өтө алышат

Обстановка на кыргызско-казахстанском участке госграницы
24.08.2023
Аэропортко эртерек келгиле!
29.08.2023

Кыргыз Республикасынын  УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 1-сентябрынан баштап Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жарандары жалпы жарандык паспорт (чет элдик) менен катар эле  ID-карта менен да кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын  кесип өтө алышаарын маалымдайт.  2006-жылдын октябрында кол коюлган жарандардын өз ара каттамы жөнүндөгү өкмөт аралык макулдашууга тиешелүү өзгөрүүлөр жана толуктоолор киргизилди:

— 2023-жылдын 01-сентябрында саат 00:00дон баштап Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары ID-карталарды (Кыргызстандын жарандары үчүн 2004-ж. жана 2017-ж. үлгүсүндөгү ID-карталары) же эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, болуу жана ары-бери жүрүү үчүн чет элдик паспортту да колдоно алышат;

— кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан   өткөрүү жайларында гана мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө  же Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасына жана кайра артка түз аба каттамы менен жүрүүдө ID-карта менен чек араны кесип өтө алышат.

Үчүнчү өлкөлөргө чыгуу  үчүн эки өлкөнүн  жарандарында тең  жанында жалпы жарандык (чет элдк) паспорттору же мамлекеттер аралык макулдашууларда аныкталган башка каттам документтери болушу керектигин Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы баса белгилейт.

 c 1 сентября 2023 г. граждане Кыргызской Республики и Республики Узбекистан могут пересекать кыргызско-узбекскую государственную границу по ID-картам наряду с общегражданским паспортом (загранпаспортом).

 С 1 сентября 2023 г. граждане Кыргызской Республики и Республики Узбекистан могут пересекать кыргызско-узбекскую государственную границу по ID-картам наряду с общегражданским паспортом (загранпаспортом).

Соответствующие изменения и дополнения внесены в межправительственное соглашение о взаимных поездках граждан, подписанное в октябре 2006 года:

-начиная с 00:00 часов 01 сентября 2023 г., граждане Кыргызстана и Узбекистана могут использовать ID-карты (для граждан Кыргызстана ID-карты образца 2004 г. и 2017 г.) либо загранпаспорт для въезда, выезда, передвижения и пребывания на территории двух государств;

-пересекать госграницу по ID-картам можно только в пунктах пропуска, расположенных на кыргызско-узбекском участке государственной границы и прямым воздушным сообщением на самолетах из Кыргызской Республики в Республику Узбекистан и обратно.

Пограничная служба ГКНБ Кыргызской Республики подчеркивает, что в случае следования граждан обеих стран в третьи страны граждане Кыргызской Республики и Республики Узбекистан должны иметь при себе общегражданский паспорт (загранпаспорт) либо проездные документы, определенные межгосударственными соглашениями.

Комментарии закрыты.