Каза тапкан аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле 2021-2022-жж. куралдуу кагылыш учурунда жаракат алган аскер кызматчыларына төлөнүп берилген камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча КР УКМК Чек ара кызматынын тактоосу

КР УКМК чек ара аскер кызматчысы спорттук иш-чара учурунда оор жаракаттан каза болду
09.11.2023
«Чалдыбар-автожол» КӨЖ адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүнү убактылуу токтотот.
20.11.2023

Акыркы учурда документтерди, материалдык каражаттарды же өлкө жетекчилиги тарабынан башка кошумча пайдаларды  көрүү үчүн айрым аскер кызматчыларынын социалдык медиага чыгып жардам сураган кайрылуулары тез-тез болуп жаткандыгы байкалууда.

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аскер кызматчыларына мыйзам чегинде каралган артыкчылыктар жана кепилдиктер берилерин Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы баса белгилейт.

Алсак, 2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралдуу кагылыш учурунда каза тапкан аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө мыйзам чегинде каралган камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнүп, бойго жете элек балдарга багуучу адамын жоготкондуктарына байланыштуу пособие чектөөгө документтер топтолуп берилген.  

Мындан тышкары, каза тапкан бардык аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле оор жаракат алган аскер кызматчыларына акысыз турак-жайлар (батирлер жана жер үйлөр) берилген. 2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында куралдуу кагылыштын жүрүшүндө ар кандай жаракаттарды алган аскер кызматчыларына мамлекеттин жетекчилиги жана Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы тарабынан стационардык дарылануудан баштап Кыргызстанда жана чет өлкөлүк клиникаларда кийинки медициналык реабилитациядан өтүүгө чейин зарыл болгон бардык жардамдар көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жаракат алган бардык аскер кызматчыларына аскердик жаракат алгандыгы боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнгөн.

Алган жаракаттарына жана майыптык тобуна карап мындан ары аскердик кызматка жараксыз деп табылган аскер кызматчыларына да тийиштүү камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнүп берилген, ай сайын майыпыгы боюнча пенсиялык төлөмдөр эсептелинүүдө.  

Мындан тышкары, жогоруда аталган категориядагы аскер кызматчыларына жана алардын үй-бүлөлөрүнө  демөөрчүлүк каржылык жардамдар көрсөтүлгөн. 

Социалдык медиалардын биринде чыккан видеодогу запастагы прапорщик Турусбек Ниязбековдун майыптык тобу боюнча документтерди топтоону тездетүү кайрылуусу боюнча төмөндөгүнү билдиребиз: запастагы прапорщик Т. Ниязбеков 2021-жылдын апрелинде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылыш учурунда оор жаракат алган жана 2023-жылы аскер кызматынан бошотулган. Ага тиешелүү болгон камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнүп берилген.

Учурда Т.Ниязбеков майыптык топко тийиштүү документтерди топтоо процедураларынан өтүүдө. Чек ара кызматынын аскердик дарыгерлери зарыл болгон документтерди алууга, анын ичинде республикалык аскердик дарыгерлик комиссиядан аскердик жаракат алгандыгы тууралуу документ  алууга  ага ар тараптуу жардам көрсөтүшүүдө.

Майыптык тобу боюнча документтер топтолгон соң Т. Ниязбековго майыптыгы боюнча компенсация  (суммасы майыптык топко тийиштүүлүгүнө жараша болот) жана майыптыгы боюнча пенсия төлөнөт.

Кыргыз Республикасынын  УКМК Чек ара кызматы  бардык аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн зарыл болгон укуктук жана консультативдик жардам алууга  алгач ведомствого кайрылууга үндөйт.

***** ***** ***** ***** *****

В последнее время участились случаи обращения отдельных военнослужащих в социальных медиа за помощью в получении документов, материальных средств либо дополнительных благ со стороны руководства страны.

Пограничная служба ГКНБ Кыргызской Республики подчеркивает, что в соответствии с законодательством Кыргызской Республики военнослужащим предоставляются положенные по закону льготы и гарантии.

Так, семьям военнослужащих, погибшим в ходе вооруженных столкновений на кыргызско-таджикском участке госграницы в апреле 2021 г. и в сентябре 2022 г. были выплачены предусмотренные законодательством страховые выплаты, несовершеннолетним детям оформлены пособия по потере кормильцев.

Кроме того, всем семьям погибших военнослужащих, а также тяжело раненным военнослужащим были безвозмездно предоставлены жилые помещения (квартиры и дома).

Военнослужащим, получившим различные ранения и травмы в ходе вооруженных столкновений в апреле 2021 г. и в сентябре 2022 г., со стороны руководства государства и Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики была оказана необходимая помощь, начиная от стационарного лечения вплоть до дальнейшей медицинской реабилитации как в Кыргызстане, так и в зарубежных клиниках.

В соответствии с законодательством Кыргызской Республики всем военнослужащим, получившим ранения и травмы, были выплачены страховые выплаты по полученным военным травмам и ранениям.

Военнослужащим, признанным негодными к дальнейшей военной  службе вследствии полученных ранений и получивших различные группы инвалидности, также выплачены  соответствующие страховые выплаты, ежемесячно начисляются пенсионные выплаты по инвалидности.

Кроме того, всем вышеуказанным категориям военнослужащих и их семьям была оказана спонсорская материальная помощь.

Относительно появившегося в одном из социальных медиа обращения прапорщика запаса Турусбека Ниязбекова с просьбой ускорить оформление документов для получения группы инвалидности сообщаем следующее: прапорщик запаса Т.Ниязбеков получил тяжелое огнестрельное ранение в ходе вооруженного столкновения на кыргызско-таджикском участке границы в апреле 2021 г., и был уволен с военной службы в 2023 г.  Ему были выплачены соответствующие страховые выплаты.

В данное время Т.Ниязбеков проходит соответствующие процедуры по оформлению группы инвалидности. Военные медики Пограничной службы оказывают ему всяческую помощь в получении необходимых документов, в том числе постановления РВВК о получении военной травмы.

После оформления инвалидности Т. Ниязбекову полагается компенсация по инвалидности (сумма зависит от группы инвалидности) и пенсия по инвалидности.

Пограничная служба ГКНБ Кыргызской Республики призывает всех военнослужащих и членов их семей в первую очередь обращаться в ведомство для получения необходимой правовой и консультативной помощи.

Комментарии закрыты.