Кыргыз-өзбек чек арасынан чет элдик валютанын алынып өтүшүнө чек арачылар бөгөт коюшту

«Торугарт-автожол» өткөрүү жайында адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат
28.11.2023
Кокусунан атылган октон жоокер каза тапты
07.12.2023

2023-жылдын 06-декабрында «Достук-автожол» көзөмөл өткөрүү жайынын чек арачылары чек арадан акча каражатын мыйзамсыз алып өтүү фактысына бөгөт коюшту.  

Болжол менен саат 09.35де “Достук-автожол” өткөрүү жайына 1986-ж.т. К.А., аттуу Кыргыз Республикасынын  жараны келген.  

Чек ара көзөмөлүнөн өтүү учурунда ал жарандын жанынан чет элдик валютадагы акча каражаты табылган.  

Табылган каражаттын жалпы суммасы 103 200 АКШ долларын (9 217 276 сом)   түзгөн.

Жогоруда аталган жаран валютаны бажы мыйзамын кайгып өтүп, акча каражаттарын декларациядан өткөрбөй туруп алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана акча каражаттар андан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынан чет элдик валютаны накталай алып чыгууга убактылуу тыюу салынган:   резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5000ден (беш миң) көп накталай АКШ доллары суммасында; Кыргыз Республикасынын жарандарына жана резиденттерине 10000ден (он миң) көп накталай АКШ доллары суммасында.

Кыргыз Республикасынын жарандары жана резиденттери 10000ден (он миң) көп АКШ доллары суммасында накталай АКШ долларын алып чыккан учурда, белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10% өлчөмүндө төлөм алынат.

***** ***** ***** ***** *****

06 декабря 2023 г. пограничники контрольно-пропускного пункта «Достук-автодорожный» пресекли факт незаконного провоза денежных средств через границу.

Примерно в 09:35 в пункт пропуска «Достук-автодорожный» прибыл гражданин Кыргызской Республики К.А., 1986 г.р.

В ходе прохождения пограничного контроля у гражданина были обнаружены денежные средства в иностранной валюте.

Общая сумма задержанных средств составила 103 200 долларов США (9 217 276 сом).

Вышеуказанный гражданин пытался провезти валюту в обход таможенного законодательства республики, не декларируя денежные средства.

После оформления соответствующих документов задержанный гражданин и денежные средства были переданы сотрудникам компетентных органов для дальнейшего разбирательства.

Напоминаем, что установлен временный запрет на вывоз из Кыргызской Республики наличной иностранной валюты: нерезидентам и иностранным гражданам в сумме более 5 000 (пять тысяч) наличных долларов США; резидентам и гражданам Кыргызской Республики в сумме более 10 000 (десять тысяч) наличных долларов США.

В случае вывоза резидентами и гражданами Кыргызской Республики наличных долларов США в сумме, превышающей 10 000 (десять тысяч) долларов США, взимается платеж в размере 10% от суммы, превышающей установленный лимит.

Комментарии закрыты.