Тажикстан менен чектешкен чек арада ири мүйүздүү малды мыйзамсыз айдап өтүүгө бөгөт коюлду

КӨЖда жүк ташуучу унаалардын топтолуусу
14.03.2024
4-апрелде кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат
03.04.2024

2024-жылдын 28-мартында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде Кыргызстандан Тажикстанга ири мүйүздүү жандыктарды мыйзамсыз айдап өтүү аракетине бөгөт коюлду.

Баткен облусунун Лейлек районунун Сарай  жергесинде Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары КР УКМК аймактык тарамынын кызматкерлери менен биргеликте шарттуу чек ара сызыгынан алыс эмес жерде 14 баш ири мүйүздүү малды Кыргызстандан Тажикстанга  айдап өтүүгө аракет кылган 1971-ж.т., Р.А., аттуу Кыргыз Республикасынын жаранын кармашкан.

Кыргызстандык жаран ири мүйүздүү малды Тажикстандын аймагында сатууга аракет кылган.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, кармалган малдын жалпы баасы болжол менен 2 600 000 сомду түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулган соң аткезчи жана ири мүйүздүү жандыктар мындан аркы териштирүү иштери жүргүзүлүшү үчүн  компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

***** ***** ***** ***** *****

28 марта 2024 г. на кыргызско-таджикском участке госграницы была пресечена попытка незаконного перегона крупнорогатого скота из Кыргызстана в Таджикистан.

В местности Сарай Лейлекского района Баткенской области пограничники Лейлекского пограничного отряда совместно с сотрудниками территориального подразделения ГНКБ КР  недалеко от условной линии госграницы задержали гражданина Кыргызской Республики Р.А., 1971 г.р., который  пытался перегнать 14 голов крупнорогатого скота из Кыргызстана в Таджикистан.

Кыргызстанец пытался реализовать крупнорогатый скот на территории Таджикистана.

По предварительным данным,  общая  стоимость задержанного крупнорогатого скота составила около 2 600 000 сом.

После оформления соответствующих документов контрабандист и КРС переданы сотрудникам компетентных органов для дальнейшего разбирательства.

Комментарии закрыты.