Чек арачылар ири суммадагы аткезчилик жүктү кармашты

4-апрелде кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат
03.04.2024
«Ак-Тилек-автожол» КӨЖ адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат
15.04.2024

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары ири көлөмдөгү аткезчилик жүктү кармашты.

Кадамжай районунун Жаңы-Жер жергесинде кызматта жүргөн учурда чек ара кезмети  мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерде эки белгисиз адамды байкашкан. Алар болсо аскер кызматчыларын көргөндө  Өзбекстан Республикасынын аймагына жашынып кирип кетишкен.

Белгисиз адамдар байкалган аймакка келген чек ара кезмети IPAR кмпаниясынын Nutrivero БАК (биологиялык активдүү кошулмалары) салынган төрт капты табышкан.

Бөтөлкөлөрдүн жалпы саны 1440 даана, жалпы суммасы болжол менен 4 000 000 сомду түздү.

Тиешелүү документтер толтурулган соң аткезчилик жүк тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди.

***** ***** ***** ***** *****

На кыргызско-узбекском участке государственной границы пограничники Айдаркенского пограничного отряда задержали крупную партию контрабанды.

В ходе несения службы в местности Жаны-Жер Кадамжайского района пограничный наряд заметил двух неизвестных лиц вблизи линии госграницы, которые увидев военнослужащих, скрылись на территории Республики Узбекистан.

Прибывший на место пограничный наряд обнаружил брошенные четыре мешка с БАДами (биологически активные добавки) Nutrivero от компании IPAR.

Общее количество флаконов 1440 штук, стоимость которых составила примерно 4 000 000 сомов.

После оформления документов контрабандный груз был передан соответствующим органам.

Комментарии закрыты.