Кыргыз Республикасынын Баткен облусу боюнча жана Тажикстан Республикасынын Согди облусу боюнча чек ара өкүлчүлүктөрүнүн биргелешкен билдирүүсү

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кулал колдонулган чыр-чатак орун алды
10.05.2024
«Бор-Дөбө-автожол» өткөрүү жайы убактылуу жабылат
11.05.2024

2024-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын Баткен облусу боюнча жана Тажикстан Республикасынын Согди облусу боюнча күч жана укук коргоо түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун жана Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Джаббар-Расул районунун жетекчилеринин жолугушуусу өттү.
Жолугушуу учурунда тараптар төмөнкү маселелерди талкуулашты:

  • тараптардын жарандары жана чек ара кезмети ортосунда чыккан чыр-чатактын жалпы себептерин;
  • чек арага канатташ жашаган мал жайып жүргөн тургундардардын жүрүм-турумун;
  • кыргыз -тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде мүмкүн болуучу чек ара чыр-чатактарын болтурбоо маселелерин чечүүнү.
    Тараптар жумушту жергиликтүү бийлик органдарынын деңгээлинде уюштурууну (эки республиканын чек арага канатташ райондорунун акимдери ортосунда), багыттар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, эки мамлекеттин чек арага канатташ райондорунун калкы ортосунда жакшы коңшулук жана туугандык мамилени кармануу боюнча коюлган тапшырмаларды жүзөгө ашырууну макулдашышты.

***** ***** ***** ***** *****

8 мая 2024 г. в местности Короо Лейлекского района Баткенской области Кыргызской Республики состоялась погранпредставительская встреча представителей силовых и правоохранительных структур Баткенской области Кыргызской Республики и Согдийской области Республики Таджикистан, а также руководителей Лейлекского района Баткенской области Кыргызской Республики и Джаббар-Расуловского района Согдийской области Республики Таджикистан.
В ходе встречи стороны обсудили:
-общие причины возникновения инцидента между гражданами и пограничными нарядами сторон;
-поведение жителей приграничья, занимающихся выпасом скота;
-пути решения вопросов недопущения возможных пограничных инцидентов на кыргызско — таджикском участке государственной границы.
Стороны договорились организовать работу на уровне местных органов власти (между акимами приграничных районов двух республик), провести разъяснительную работу по направлениям, продолжить реализацию поставленных задач по поддержанию добрососедских и родственных отношений между местными жителями двух государств.

Комментарии закрыты.