Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кулал колдонулган чыр-чатак орун алды

«Чоң-Капка-автожол» КӨЖ үч саатка убактылуу жабылат
29.04.2024
Кыргыз Республикасынын Баткен облусу боюнча жана Тажикстан Республикасынын Согди облусу боюнча чек ара өкүлчүлүктөрүнүн биргелешкен билдирүүсү
10.05.2024

2024-жылдын 07-майында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атуучу курал пайдаланылган окуя орун алды.

Болжол менен саат 12:20да Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде Кыргызстандын чек ара кезмети Тажикстандын жарандарын – малчыларды байкаган. Алар мамлекеттик чек ара сызыгынан 250-300 метрдей аралыкта  Кыргызстандын аймагында мал кайтарып жүрүшкөн.

Кыргызстандын аймагынан чыгууну талап кылган чек арачылардын талабын Тажикстандын жарандары көңүлгө албай, тескерисинче, аскер кызматчыларын көздөй таш ыргытышкан. Чабандардын бири Кыргызсандын чек ара кезметин көздөй 2-3 жолу ок чыгарган.

Жагдайдын курчуп кетишине жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын чек арачылары асманды көздөй эскертүү иретинде ок чыгарышканда чабандар Тажикстандын аймагына качып кетишкен.  Кыргыз Республикасынын чек арачылары арасында жаракат алгандар болгон жок.

Такталбаган маалыматтарга караганда Тажикстандын бир жараны бутуна жаракат алган. Бирок Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери сүрөттү гана жөнөтүшкөндүктөн бул жаран кандай жагдайда, качан жана кай жакта жаракат алгандыгы белгисиз. 

Чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу болоору күтүлүүдө.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкеснидеги жагдай туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

***** ***** ***** ***** *****

07 мая 2024 г. на кыргызско-таджикском участке госграницы произошел инцидент с применением огнестрельного оружия.

Примерно в 12:20 недалеко от н.п. Ак-Босого Лейлекского района Баткенской области пограничный наряд Кыргызстана заметил граждан Таджикистана – чабанов, выпасавших скот на территории Кыргызстана в 250-300 м. от линии государственной границы.

Требования пограничников покинуть территорию Кыргызстана граждане Таджикистана проигнорировали, более того, начали закидывать камнями военнослужащих. Один из чабанов выстрелил 2-3 раза в сторону пограничного наряда Кыргызстана.

В целях недопущения эскалации обстановки пограничники Кыргызской Республики произвели предупредительные выстрелы в воздух, после чего чабаны убежали на территорию Таджикистана.

Среди пограничников Кыргызской Республики пострадавшие  отсутствуют.

По неподтвержденным данным, один из граждан Таджикистана получил ранение в ногу. Однако при каких обстоятельствах, когда и где именно получено ранение неизвестно, так как сотрудники правоохранительных органов Таджикистана предоставили только фотографию.

Ожидается встреча пограничных представителей сторон.

В настоящее время обстановка на кыргызско-таджикском участке характеризуется как стабильная.

Комментарии закрыты.